# КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2012-жылдын 14-майындагы № 286 ""Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2012-жылдын 14-майындагы № 286 ""Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 286
- Кабыл алынган күнү: 14.05.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.05.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93575>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15507/edition/1158409/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93575.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.05.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2012-жылдын 14-майындагы № 286 ""Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (14.05.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93575

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 14-майы № 286 "Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Жогоруда аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри

Ө.Бабанов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

"Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдө мамлекеттик кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2009-ж., № 7. 759-б.) төмөнкү толуктоо киргизилсин: 5-берене төмөнкү мазмундагы жыйырманчы абзац менен толукталсын: "пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо чөйрөсүндө жөнгө салууну, контролдоону жана көзөмөлдөөнү ишке ашырат:

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

"Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ

"Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтолуучу бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 4-июлундагы N 78 Мыйзамынын 21-беренесине ылайык иштелип чыкты. Жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 2-бөлүгүнө жараша "чогултулуучу пенсиялык каражаттарды түзүүнү жана инвестиция кылуу чөйрөсүн жөнгө салууну, тескөөнү жана көзөмөл кылууну" бул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү расмий укук берген, чогултулуучу пенсиялык каражаттарды түзүү жана инвестиция кылуу чөйрөсүн жөнгө салуу, тескөө жана көзөмөл кылуу боюнча мамлекеттик орган, ошондой эле башка мамлекеттик органдар өз иш-милдеттеринин чегинде жүргүзөт. Мына ушинтип "Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы N 249 Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору менен "Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы N 249 Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 5-беренеси төмөнкүдөй редакциядагы жыйырманчы абзац менен толукталды: "чогултулуучу пенсиялык каражаттарды түзүүнү жана инвестиция кылуу чөйрөсүн жөнгө салууну, тескөөнү жана көзөмөл кылууну жүргүзөт". "Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинде оң текшерүүсү жыйынтыкталды. Долбоор социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоолук, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс мүмкүндүктөргө ээ эмес. "Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иш жүзүнө ашыруу үчүн кошумча каржылык каражаттар талап кылынбайт. "Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасынын расмий сайтына (www.gov.kg) жайгаштырылган. Жогоруда келтирилген жүйөөлөрдүн негизинде "Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Сиздердин карооңуздарга сунуш кылат.

Төрага

Ю.Тойчубеков

"Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА

| N | "Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аракеттеги редакциясы | "Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилүүчү толуктоо | "Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бүткөн түргө келтирилген редакциясы |
| --- | --- | --- | --- |
| 1 | 5-берене. Мамлекеттик кызматтын иш-милдеттери Мамлекеттик кызмат төмөнкүдөй иш-милдеттерди жүзөгө ашырат: банктык эмес финансылык рыногун, бухгалтердик эсеп тутумун, финансылык отчеттуулук, аудит жаатында тобокелчиликтерди тескөө боюнча саясатты аныктоону кошуп алганда, банктык эмес финансылык рынокту өнүктүрүү боюнча саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат; ушул Мыйзамда аныкталган финансылык рынок субъекттилери үчүн бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту алып барууга карата талаптарды белгилейт; Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногун жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык, жөнгө салынуучу субъекттер тарабынан алардын ишмердигинин чөйрөсүнүн алкагында маалыматты ачыкка чыгаруу боюнча талаптарды белгилейт жана алардын аткарылышын контролдоону жүргүзөт; банктык эмес финансылык рынок, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук, аудит боюнча ченемдик укуктук актыларды колдонууга карата усулдук сунуштамаларды иштеп чыгат; ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздарын жана чет өлкөлүк эмитенттердин баалуу кагаздарын жарыя кылынган сунушту жана мындай сунуштардын проспекттерин карайт жана каттайт; ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногун, лицензиялоону жана аудитордук ишмердикти жөнгө салуучу башка мыйзамдарынын талаптарына ылайык, банктык эмес финансылык рынокто кесипкөй ишмердикти, аудитордук ишмердикти жүзөгө ашыруу укугуна лицензияларды жана башка уруксат берүүчү документтерди берет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда аталган лицензияларды жана башка уруксат берүүчү документтердин күчүн токтото турат, жаңыртат жана аларды кайра чакыртып алат (жокко чыгарат); ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту, лицензиялоону жана аудитордук ишмердикти жөнгө салуучу башка мыйзамдарынын талаптарына ылайык, өз алдынча жөнгө салуучу уюмдар катары иштөөгө уруксат берет; ачык компаниялардын жана кесипкөй катышуучулардын финансылык отчеттуулугуна аудит жүргүзүү үчүн аудитордук уюмдарга жана жекече аудиторлорго карата талаптарды аныктайт; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногун жана аудитордук ишмердикти жөнгө салуучу мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына карата жөнгө салынуучу субъекттерди текшерүүнү жүргүзөт; жөнгө салынуучу субъекттерге карата келип түшкөн арыздарды жана даттанууларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте карайт; материалдарды укук коргоо органдарына жиберет жана Мамлекеттик кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча сотко доо арыздар менен кайрылат; чет өлкөлөрдүн финансылык рыногун көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органдары жана банктык эмес финансылык рынокту, бухгалтердик эсеп тутумун, финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүү жана жөнгө салуу алкагында эл аралык уюмдар менен кызматташууну жүзөгө ашырат; жөнгө салынуучу субъекттердин жана инвесторлордун арасында натыйжалуу жана ачык-айкын финансылык рынок принцибин киргизет; өз иш-милдеттерин жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруунун алкагында, жөнгө салынуучу субъекттер жана башка кызыкдар тараптар менен кызматташат; банктык эмес финансылык рыноктун субъекттеринин реестрин алып барат; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Мамлекеттик кызматтын ишмердик процессинде түзүлгөн архивдик документтерди комплекттөө, сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу боюнча чараларды көрөт; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Мамлекеттик кызматтын муктаждыктары үчүн товарларды алып келүү, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүүгө карата заказдарды жайгаштыруу үчүн конкурстарды өткөрүүнү жана мамлекеттик контракттарды түзүүнү уюштурат; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, банктык эмес финансылык рыногунун катышуучуларын окутууну жана сертификациялоону, аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна талапкерлерди аттестациялоону жүргүзөт; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат. | 5-берене төмөнкүдөй редакциядагы жыйырманчы абзац менен толукталсын: "чогултулуучу пенсиялык каражаттарды түзүүнү жана инвестиция кылуу чөйрөсүн жөнгө салууну, тескөөнү жана көзөмөл кылууну жүргүзөт". | 5-берене. Мамлекеттик кызматтын иш-милдеттери Мамлекеттик кызмат төмөнкүдөй иш-милдеттерди жүзөгө ашырат: банктык эмес финансылык рыногун, бухгалтердик эсеп тутумун, финансылык отчеттуулук, аудит жаатында тобокелчиликтерди тескөө боюнча саясатты аныктоону кошуп алганда, банктык эмес финансылык рынокту өнүктүрүү боюнча саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат; ушул Мыйзамда аныкталган финансылык рынок субъекттилери үчүн бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту алып барууга карата талаптарды белгилейт; Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногун жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык, жөнгө салынуучу субъекттер тарабынан алардын ишмердигинин чөйрөсүнүн алкагында маалыматты ачыкка чыгаруу боюнча талаптарды белгилейт жана алардын аткарылышын контролдоону жүргүзөт; банктык эмес финансылык рынок, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук, аудит боюнча ченемдик укуктук актыларды колдонууга карата усулдук сунуштамаларды иштеп чыгат; ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздарын жана чет өлкөлүк эмитенттердин баалуу кагаздарын жарыя кылынган сунушту жана мындай сунуштардын проспекттерин карайт жана каттайт; ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногун, лицензиялоону жана аудитордук ишмердикти жөнгө салуучу башка мыйзамдарынын талаптарына ылайык, банктык эмес финансылык рынокто кесипкөй ишмердикти, аудитордук ишмердикти жүзөгө ашыруу укугуна лицензияларды жана башка уруксат берүүчү документтерди берет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда аталган лицензияларды жана башка уруксат берүүчү документтердин күчүн токтото турат, жаңыртат жана аларды кайра чакыртып алат (жокко чыгарат); ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту, лицензиялоону жана аудитордук ишмердикти жөнгө салуучу башка мыйзамдарынын талаптарына ылайык, өз алдынча жөнгө салуучу уюмдар катары иштөөгө уруксат берет; ачык компаниялардын жана кесипкөй катышуучулардын финансылык отчеттуулугуна аудит жүргүзүү үчүн аудитордук уюмдарга жана жекече аудиторлорго карата талаптарды аныктайт; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногун жана аудитордук ишмердикти жөнгө салуучу мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына карата жөнгө салынуучу субъекттерди текшерүүнү жүргүзөт; жөнгө салынуучу субъекттерге карата келип түшкөн арыздарды жана даттанууларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте карайт; материалдарды укук коргоо органдарына жиберет жана Мамлекеттик кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча сотко доо арыздар менен кайрылат; чет өлкөлөрдүн финансылык рыногун көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органдары жана банктык эмес финансылык рынокту, бухгалтердик эсеп тутумун, финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүү жана жөнгө салуу алкагында эл аралык уюмдар менен кызматташууну жүзөгө ашырат; жөнгө салынуучу субъекттердин жана инвесторлордун арасында натыйжалуу жана ачык-айкын финансылык рынок принцибин киргизет; өз иш-милдеттерин жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруунун алкагында, жөнгө салынуучу субъекттер жана башка кызыкдар тараптар менен кызматташат; банктык эмес финансылык рыноктун субъекттеринин реестрин алып барат; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Мамлекеттик кызматтын ишмердик процессинде түзүлгөн архивдик документтерди комплекттөө, сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу боюнча чараларды көрөт; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Мамлекеттик кызматтын муктаждыктары үчүн товарларды алып келүү, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүүгө карата заказдарды жайгаштыруу үчүн конкурстарды өткөрүүнү жана мамлекеттик контракттарды түзүүнү уюштурат; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, банктык эмес финансылык рыногунун катышуучуларын окутууну жана сертификациялоону, аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна талапкерлерди аттестациялоону жүргүзөт; ЧОГУЛТУЛУУЧУ ПЕНСИЯЛЫК КАРАЖАТТАРДЫ ТҮЗҮҮНҮ ЖАНА ИНВЕСТИЦИЯ КЫЛУУ ЧӨЙРӨСҮН ЖӨНГӨ САЛУУНУ, ТЕСКӨӨНҮ ЖАНА КӨЗӨМӨЛ КЫЛУУНУ ЖҮРГҮЗӨТ; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат. |

Төрага

Ю.Тойчубеков
