Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскеринин Жалал-Абад чек ара отрядынын „Жийдесай“ чек ара заставасына майор Дарчибаев Талантбек Сураровичтин атын ыйгаруу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 14-майы № 283 Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Жалал-Абад чек ара отрядынын "Жийдесай" чек ара заставасына майор Дарчибаев Талантбек Сураровичтин атын ыйгаруу жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 306 токтомунун редакциясына ылайык) Жаш муунду аскердик-патриоттук тарбиялоо, курман болгон майор Дарчибаев Талантбек Сураровичтин атын түбөлүккө калтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Жалал-Абад чек ара отрядынын "Жийдесай" чек ара заставасына майор Дарчибаев Талантбек Сураровичтин аты ыйгарылсын жана ал мындан ары: "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскеринин Жалал-Абад чек ара отрядынын майор Дарчибаев Талантбек Сурарович атындагы "Жийдесай" чек ара заставасы" деп аталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 306 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.