# КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 4-майындагы № 276 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине караштуу Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департамент жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 4-майындагы № 276 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине караштуу Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департамент жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 276
- Кабыл алынган күнү: 04.05.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93566>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15498/edition/431260/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93566.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 4-майындагы № 276 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине караштуу Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департамент жөнүндө" токтому (17.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93566

---

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 271 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 4-майы № 276 Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департамент жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-декабрындагы № 812 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-июнундагы № 211 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ведомстволук бөлүмдөрүн түзүү жана мамлекеттик ишканаларды түзүү маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департамент жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департамент Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин укук мураскери болуп эсептелээри белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 732 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

А. Карашев
