# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 268 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешти түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 268 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешти түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 268
- Кабыл алынган күнү: 02.05.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93558>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15490/edition/1208862/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93558.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 268 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешти түзүү жөнүндө" токтому (20.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93558

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 705 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 2-майы № 268

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешти түзүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-октябрындагы № 570 , 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 600, 2020-жылдын 1-сентябрындагы № 459, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 363 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

"Эркектер жана аялдар үчүн бирдей укуктардын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 600, 2020-жылдын 1-сентябрындагы № 459, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 363 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин курамы 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жобосу 2-тиркемеге ылайык.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 600, 2020-жылдын 1-сентябрындагы № 459, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 363 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Ө.Бабанов

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин КУРАМЫ КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 363 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Улуттук кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, Улуттук кеңештин төрагасынын орун басары. Улуттук кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; Кыргыз Республикасынын юстиция министри; Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Борбордук Азиядагы гуманитардык изилдөөлөр борборунун жетекчиси; Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча); БУУнун Кыргыз Республикасындагы тиешелүү агенттиктеринин өкүлдөрү (макулдашуу боюнча); коомдук бирикмелерден өкүлдөр (макулдашуу боюнча).
