# КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 259 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактары жана региондору боюнча 2012-жылга эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квотаны аныктоо жөнүндө" ТОКТОМУ

- Толук аталышы: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 259 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактары жана региондору боюнча 2012-жылга эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квотаны аныктоо жөнүндө" ТОКТОМУ
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 259
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.04.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93548>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15481/edition/1143874/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93548.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 259 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактары жана региондору боюнча 2012-жылга эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квотаны аныктоо жөнүндө" ТОКТОМУ (25.04.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93548

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 25-апрели № 259 Кыргыз Республикасынын экономика тармактары жана региондору боюнча 2012-жылга эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квотаны аныктоо жөнүндө "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине жана "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактары жана региондору боюнча 2012-жылга эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квота тиркемеге ылайык аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине бекитилген квотанын алкагында өлкөнүн экономика тармактары жана региондору боюнча эмгек квоталарын кайра бөлүштүрүүгө укук берилсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө.Бабанов

Тиркеме Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактары жана региондору боюнча 2012-жылга эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына

КВОТА

| Аймактар ├───────┬──────┬─────────┬──────┬───────┬───────┤ | Экономика тармактары (кишинин саны) Өнөржай жана курулуш | Айыл жана токой чарба, кайра иште- түү өнөр жайы | Транс- порт коммуни- кация жана геология- лык чалгындоо жана кен казуу өнөр жайы | Соода, кызмат көрсө- түү, коом- дук тамак- тануу жана эконо- ми- калык ишмер- дик | Сала- маттык сак- тоо, билим, илим, мада- ният, искус- ство | Кредит берүү, банк секто- ру, кам- сыз- дан- дыруу | Бардыгы |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| Баткен облусу | 235 | 93 | 69 | 100 | 80 | 21 | 598 |
| Жалал-Абад облусу | 450 | 150 | 500 | 85 | 150 | 20 | 1355 |
| Ысык-Көл облусу | 60 | 10 | 60 | 10 | 30 | 10 | 180 |
| Нарын облусу | 300 | 50 | 30 | 8 | 12 | 20 | 420 |
| Ош облусу | 500 | 20 | 50 | 1300 | 10 | 10 | 1890 |
| Талас облусу | 50 | 25 | 40 | 10 | 25 | 5 | 155 |
| Чүй облусу | 896 | 160 | 210 | 250 | 120 | 35 | 1671 |
| Бишкек шаары | 1920 | 45 | 550 | 2370 | 480 | 90 | 5455 |
| Ош шаары | 700 | 30 | 30 | 100 | 190 | 100 | 1150 |
| Республика боюнча бардыгы | 5111 | 583 | 1539 | 4223 | 1097 | 311 | 12864 |
