Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Энергетика секторуна инвестицияланган кредиттерди (зайымдарды) туруктуу төлөө механизми жөнүндө ЖОБОСУ «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 7-сентябрындагы № 611 токтому менен бекитилген
Энергетика секторуна инвестицияланган кредиттерди (зайымдарды) туруктуу төлөө механизми жөнүндө ЖОБО
1. Аныктама
2. Колдонуунун шарттары жана методикасы
1-тиркеме. Тарифтеги төлөөнү эсептөө үчүн формула
1. Аныктама
Энергетика секторуна инвестицияланган кредиттерди (зайымдарды) туруктуу төлөө механизми (мындан ары - Механизм) - Кыргыз Республикасынын экономикасынын энергетика тармагына узак мөөнөткө багытталган кредиттерди (зайымдарды) өз учурунда кайтарууну камсыздоо үчүн электр энергиясына болгон тарифтин үлүшүн эсептөө системасы. Тарифтеги эсептик төлөм - ири энергетикалык инвестициялык карыздарды төлөө үчүн ар бир жылга тариф үлүшүнүн өлчөмү. Электр энергиясын пайдалуу берүү - электр энергиясын иштеп чыгуу, берүү жана бөлүштүрүүдөгү жоготууларды эске алуу менен сатылган электр энергиясынын көлөмү. Орточо тарифти өзгөртүүнүн чоңдугу - инвестицияларды өздөштүрүү башталган жана кийинки жылдарга карата бардык категориядагы электр энергиясын керектөөчүлөр боюнча орточо тарифтердин ортосундагы айырма.
2. Колдонуунун шарттары жана методикасы
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын экономикасынын энергетика секторунда 45 млн. АКШ долларынан ашык сумманы түзгөн инвестициялар үчүн колдонулат. Кредиттердин (зайымдардын) узак мөөнөттүүлүгүн, жеңилдик мезгилин, пайыздык чен жана төлөмдөрдүн негизги суммасын эске алуу менен аталган Механизм электр энергиясына болгон тарифтин бүткүл инвестициялоо мезгили ичинде дароо көтөрүлүп кетишин алдын алуу үчүн электр энергиясына болгон тарифтин (тарифтеги эсептик төлөм) эсептик үлүшүн ар жылы бирдей аныктоону караштырат. Механизмди колдонуу датасы болуп инвестицияны өздөштүрүү башталган жыл саналат. Инвестициялык энергетикалык долбоорлордун улуттук деңгээлин жана жогорку баасын эске алуу менен, тарифтеги эсептик төлөм жалпысынан энергетикалык системада калыптанып калган тарифке жараша аныкталат. Мында бул Механизм баалардын өсүшү, инфляция жана башка таасир берүүчү факторлордон улам жыл сайын керектөөчүлөр үчүн белгилүү бир мөөнөткө (3-5 жыл) тарифтин өзгөрүүсүн белгилей турган электр энергиясына карата болгон Орточо мөөнөттүү тарифтик саясаттын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Мында тарифтеги эсептик төлөм керектөөчүлөрдүн бардык категориясы боюнча орточо алынган тарифтеги өзгөртүүлөрдүн чоңдугунан ашпоосу зарыл. Ири энергетикалык инвестицияларды карызга алган энергетикалык компания каражаттарды топтоо (тарифтеги эсептик төлөм) үчүн атайын депозиттик эсеп ачат жана ал каражаттар пайыз жана кредиттердин (зайым) негизги суммасы боюнча төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылат. Топтолгон каражаттарды пайдалануунун шарттарын жана эрежелерин, депозиттик пайыздар менен эсептерди башкарууну, финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык курстук айырманы корректировкалоону кошкондо энергетикалык компаниялардагы атайын депозиттик эсеп жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет. Энергетика тармагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жалпысынан энергетикалык системада түзүлгөн тарифтерден улам тарифтеги эсептик төлөмдү төмөнкүдөй тартипте аныктайт:
- энергетикалык компания тарабынан инвестициялоонун бүткүл мезгили үчүн өзүнчө алынган кредит (зайым) боюнча пайыздардын жана негизги төлөмдөрдүн жалпы суммасы бааланат;
- инвестициялоонун бүткүл мезгили үчүн кредит (зайым) боюнча пайыз жана негизги төлөмдөрдүн жалпы суммасын бөлүү аркылуу карыздарды жыл сайын бирдей деңгээлде төлөө аныкталат;
- мурдагы эки жыл үчүн электр энергиясын пайдалуу берүүнүн көлөмүнө жараша ар бир жыл үчүн электр энергиясын пайдалуу берүүнүн көлөмү болжолдонот;
- электр энергиясын пайдалуу берүүнүн божомолдонгон көлөмүнө карата карыздарды төлөөнү жыл сайын бирдей деңгээлдеги суммага бөлүү аркылуу тарифтеги эсептик төлөмдөр аныкталат;
- эгерде тарифтеги эсептик төлөм керектөөчүлөрдүн бардык категориясы боюнча орточо алынган тарифтеги өзгөртүүлөрдүн көлөмүнөн ашып кетсе, анда эсептик төлөм катары орточо алынган тарифтик өзгөртүүлөрдүн көлөмү колдонулат;
- тарифтеги эсептик төлөм менен орточо алынган тариф көлөмүнүн ортосундагы терс айырма кийинки жылдары эсептик төлөмгө карата болгон орточо алынган тарифтеги өзгөрүү көлөмүнүн жогорулоо мезгилинен тартып компенсацияланат.
Аталган тартип тарифтеги төлөмдү эсептөө үчүн формула боюнча ушул Жобонун тиркемесине ылайык аныкталат.
Энергетика секторуна инвестицияланган кредиттерди (зайымдарды) туруктуу төлөө механизми жөнүндө жобого тиркеме
Тарифтеги төлөөнү эсептөө үчүн ФОРМУЛА
К - кредит (зайым) боюнча төлөөлөрдүн жана пайыздардын жалпы суммасы; d - төлөөнүн жалпы мөөнөтү (инвестициялоо мезгили); K Z = - - кредитти (зайымды) жыл сайын бирдей суммада төлөө; d Рср - мурдагы эки жыл үчүн берилген электр энергиясын пайдалуу берүүнүн орточо иш жүзүндөгү көлөмүнө жараша ар бир жылга электр энергиясын пайдалуу берүүнүн н болжолдуу көлөмү; Z t = --- - тарифтеги эсептик төлөм; Pср (дельта) = TN+n - TN - орточо алынган тарифтин өзгөрүү чоңдугу; мында Т - электр энергиясын керектөөчүлөрдүн бардык категориялары боюнча орточо алынган тариф; N - инвестицияларды өздөштүрө баштаган жыл; n - инвестицияларды өздөштүрө баштаган жылдан мурдагы жылдын номери;
1) эгерде t > (дельта) болсо, анда (дельта) тарифтеги эсептик төлөм катары колдонулат;
2) эгерде t < (дельта) анда t колдонулат;
3) муну менен бирге t > (дельта) болсо, мезгил үчүн компенсация колдонулат жана тарифтеги эсептик төлөм төмөнкү формула боюнча эсептелет:
tN+n = t + (t - (дельта))
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.