# КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 122 "Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 122 "Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 122
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.12.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93484>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15472/edition/700178/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93484.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 122 "Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому (28.12.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93484

---

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 20-февралы № 122 Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маселелери жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 212, 2013-жылдын 3-июнундагы № 311 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 762 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги жөнүндө жобосу 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин укук мураскору болуп саналаары белгиленсин.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги учурдагы финансылык жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигин каржылоону жүзөгө ашырсын.

4. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги эки айлык мөөнөттө:

- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон улам келип чыккан зарыл чараларды көрсүн;

- министрликтин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 709 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы № 110 "Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы № 120 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 709 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-мартындагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 709 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 169 "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомунун 10-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-июнундагы № 281 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы № 110 "Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-июнундагы № 284 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 709 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомунун редакциясына ылайык)

7. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ө.Бабанов

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 212, 2013-жылдын 3-июнундагы № 311 токтомунун редакциясына ылайык)

| Министр ├─────┤ Коллегия |  |  |  |  |  |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| Аймактык органдар ├───┤ Борбордук аппарат |  |  |  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Кесиптик- техникалык билим берүү агенттиги |  | Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институту |  | Жаштар эмгек биржасы |  | "Манас" республи- калык жаштар ордосу |  | Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу борбору |
