# КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.12.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93483>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15471/edition/1143778/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93483.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому (28.12.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93483

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 20-февралы № 121 Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 252, 2013-жылдын 18-октябрындагы № 570, 2015-жылдын 24-июну № 406, 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 2011-жылдын 30-декабрындагы № 762 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 252 токтомунун редакциясына ылайык)

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин укуктук мураскери , турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган болуп эсептелээри белгиленсин.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 252 токтомунун редакциясына ылайык)

3. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 169 "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин Атайын каражаттары жөнүндө жободо:

- аталышында, жана бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- расмий тилдеги бүткүл текст боюнча "работникам" деген сөз "сотрудникам" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын;

"- кенже техникалык персоналдын кызматтык маянасына үстөк акы белгилөө".

6. "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борбору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 429 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышында жана 1-пункттунда ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борбору жөнүндө жободо:

- аталышында жана бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3-пункттун бешинчи абзацында "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 9-пунктта "Кыргыз Республикасынын калкты социалдык коргоо боюнча министри (мындан ары - министр)" деген сөздөр алып салынсын.

(жетинчи пункт КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы №570 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы № 511 "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышында жана 1-пункттунда "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 3-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин Уставында:

- аталышында жана бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 3-пункттун экинчи абзацында "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 14-пункттун алтынчы абзацында "социалдык коргоо" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-августундагы № 517 "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаменти жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышында жана 1-пункттунда ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаменти жөнүндө жободо:

- аталышында жана бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 4-пункттун экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

8-пункт:

- төртүнчү абзацындагы "социалдык коргоо" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- он үчүнчү абзацындагы "социалдык коргоо" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- он бешинчи абзацындагы "социалдык коргоо" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 9-пункттун үчүнчү абзацындагы "социалдык коргоо" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 12-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын калкты социалдык "коргоо боюнча министринин макулдугу менен Министрликтин статс-катчысы" деген сөздөр "статс-катчынын сунушу боюнча министр" деген сөздөргө алмаштырылсын.

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 169 "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-6-пункттары күчүн жоготту деп табылсын;

- 7-пунктта:

экинчи абзац күчүн жоготту деп табылсын; төртүнчү абзац күчүн жоготту деп табылсын;

- 8-13-пункттары күчүн жоготту деп табылсын.

11. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ө.Бабанов

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 570, 2015-жылдын 24-июну № 406 токтомдорунун редакциясына ылайык)
