# КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 120 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 120 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 120
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93482>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15470/edition/552870/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93482.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 120 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому (03.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93482

---

3-пунктунан тышкары, КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 20-февралы № 120 Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 762 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмүн бекитүүгө байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин укук мурастоочусу экендиги белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаменти жана Кинематография департаменти түзүлсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 3-пунктунда көрсөтүлгөн департаменттерди каржылоо боюнча чыгымдарды карасын жана "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

5. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги эки айлык мөөнөттө:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:

Туризм департаменти жөнүндө жобону; Кинематография департаментинин жобосун жана башкаруу схемасын бекитүүгө берсин;

- ченемдик укуктук актыларды ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча сунуштарды киргизсин.

6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 77 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик кинематография агенттиги жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы № 330 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 77 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ө.Бабанов

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ

| Борбордук аппарат ├─────────\> | Коллегия |  |  |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| v v v ┌───────────────────┐ ┌───────────────┐ ┌──────────────────────┐ | Туризм департаменти |  | Кинематография департаменти | бөлүмдөрү | Шаардык жана райондук маданият башкармалыктары жана |  |

v └───────────────────┘ └───────────────┘ └──────────────────────┘ v

| Ведомстволук мекемелер: Театрлар, филармониялар, китепканалар, музейлер, маданият үйлөрү, клубдар, маданият жана эс алуу парктары, тарых жана маданият эстеликтери, Кыргыз мамлекеттик цирки, Тарых жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча республикалык инспекция, "Кыргызреставрация" илимий-изилдөө долбоорлоо бюросу, Мамлекеттик китеп палатасы, Улуттук маданий борбор, "Манас ордо" улуттук комплекси, "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси, Достук үйү дирекциясы, "Байчечекей" жана "Кырчын" журналдарынын редакциялары, "Шах Фазил" мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейи └───────────────────────────────────────────┘ | бакчалар | Маданият жана искусство окуу жайлары: жогорку окуу жайлары, кесиптик орто окуу жайлары, М.Абдраев атындагы Республикалык атайын орто музыкалык жатак-мектеби, балдар музыкалык мектептери, балдар көркөм өнөр мектептери, балдар искусство мектептери, квалификация жогорулатуу факультеттери, бала |
| --- | --- | --- |
