# КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 119
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93481>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15469/edition/1047031/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93481.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө" токтому (05.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93481

---

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 20-февралы № 119 Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 162, 2014-жылдын 3-июнундагы № 298, 2015-жылдын 15-сентябры № 639, 2015-жылдын 31-декабры № 897, 2016-жылдын 18-мартындагы N 133, 2016-жылдын 6-сентябрындагы № 485, 2017-жылдын 15-августундагы № 481, 2017-жылдын 30-августундагы № 545 , 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 186 , 2018-жылдын 24-июлундагы № 341 токтомдоруна ылайык) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 787 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ө.Бабанов

2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-августундагы № 481, 2017-жылдын 30-августундагы № 545, 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 186, 2018-жылдын 24-июлундагы № 341 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
