# КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №118 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №118 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 118
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93480>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15468/edition/1048788/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93480.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №118 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" токтому (10.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93480

---

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 88 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 20-февралы №118 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 319,2016-жылдын 8-июлундагы № 379, 2017-жылдын 11-октябрындагы № 660 токтомдорунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;

- Кыргыз Республикасынын ушул токтомдон келип чыгуучу нормативдик укуктук актыларынын долбоорлорун эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 730 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ө.Бабанов

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигин башкаруу СХЕМАСЫ

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 319,2016-жылдын 8-июлундагы № 379, 2017-жылдын 11-октябрындагы № 660 токтомдорунун редакциясына ылайык)
