# КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.12.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93478>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15466/edition/1042529/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93478.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.12.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому (10.12.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93478

---

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-декабрындагы № 851 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 20-февралы № 116 Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маселелери жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 360,2014-жылдын 19-мартындагы № 164, 2014-жылдын 14-ноябры № 650 токтомдорунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №762 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмүнүн бекитилгенине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр өзгөртүлүп аталсын:

- (экинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына;

- (төртүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 360 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (бешинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 360 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы кыргыз илимий-техникалык энергетика боюнча борбору Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы «Энергия» кыргыз илимий-техникалык борборуна;

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартынндагы № 164 токтомунун редакциясына ылайык)

- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы "Энергодолбоор" Кыргыз мамлекеттик илим-изилдөө жана долбоорлоо изилдөө институту Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Энергодолбоор" Кыргыз мамлекеттик илим-изилдөө жана долбоорлоо изилдөө институтуна.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 360 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине 10 штаттык бирдикти, документтерди жана финансылык ресурстарды өткөрүп берсин.

Башка товардык-материалдык баалулуктарды өткөрүп берүү маселелерин Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги менен бирге чечсин.

4. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө жоболордун долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 721 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-сентябрындагы № 215 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы "Көмүр" мамлекеттик ишканасы жөнүндө" токтомунун 3-пункту.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ө.Бабанов

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 360, 2014-жылдын 17-мартындагы № 133, 2014-жылдын 14-ноябры № 650 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

| Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги |  |  |
| --- | --- | --- |
|  |  |  |
| Министрликтин алдындагы ведомстволук органдар |  | Борбордук аппарат |

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябры № 650 токтомунун редакциясына ылайык алып салынды)

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 133 токтомунун редакциясына ылайык алып салынды)

```text
│
├─────────────────────────────────────────────────┤
│Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр │
│жай министрлигинин алдындагы "Энергия" кыргыз │
│илимий-техникалык борбору │
├─────────────────────────────────────────────────┤
│Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр │
│жай министрлигинин алдындагы "Энергодолбоор" │
│кыргыз мамлекеттик инженердик-долбоордук │
│изилдөө институту │
├─────────────────────────────────────────────────┤
│Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр │
│жай министрлигинин алдындагы "Көмүр" │
│мамлекеттик ишканасы │
├─────────────────────────────────────────────────┤
│Кыргыз Республикасынын Энергетика жана │
│өнөр жай министрлигинин алдындагы │
│"Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы │
├─────────────────────────────────────────────────┤
│Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр │
│жай министрлигинин алдындагы "Кара-Кече" │
│мамлекеттик ишканасы │
└─────────────────────────────────────────────────┘
```
