# КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 115
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93477>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15465/edition/1054652/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93477.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтому (10.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93477

---

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 87 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 20-февралы №115 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-декабрындагы № 699, 2014-жылдын 22-апрелиндеги № 238, 2015-жылдын 16-апрели № 219, 2015-жылдын 14-июлу № 484, 2016-жылдын 15-июлундагы № 397, 2016-жылдын 8-декабрындагы № 647, 2016-жылдын 8-декабрындагы № 648, 2018-жылдын 2-майындагы № 220 , 2019-жылдын 19-сентябрындагы № 491 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 731 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 731 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-июнундагы №91 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы "Спаспромсервис" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы №35 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору жөнүндө" токтомунун 3-пункту.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күңдөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ө.Бабанов

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-сентябрындагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык)
