# КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93476>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15464/edition/1052818/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93476.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери" токтому (10.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93476

---

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 20-февралы № 114 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3 февралындагы № 68, 2017-жылдын 4-январындагы № 6 токтомдорунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жобо (1-тиркеме);

- (Үчүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-январындагы № 6 токтомунуна ылайык күчүн жоготту)

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти жөнүндө жобо (3-тиркеме);

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору жөнүндө жобо (4-тиркеме);

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо (5-тиркеме);

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин башкаруу схемасы (6-тиркеме).

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин борбордук аппаратын, аймактык органдарын жана ведомстволук уюмдарын күтүүгө чыгымдарды каржылоо булактары болуп республикалык бюджет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактары аныкталсын.

3. Күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 219 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтомунун 2-пунктунун экинчи абзацы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 733 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-августундагы № 148 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 219 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы №269 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 733 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы №95 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 733 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ө.Бабанов

6-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин БАШКАРУУ СХЕМАСЫ

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3 февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)

| Борбордук аппарат ├────────┤ Коллегия |  |  |  |  |  |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| ┌──────┴────────┐ ┌──────┴──────┐ Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдында Бюджеттик кредиттетрди башкаруу боюнча агенттиги └───────────────┘ └─────────────┘ | ┌────────┴──────┐ ┌───────┴───────┐--------------------- мамлекеттик └───────────────┘ └───────────────┘--------------------- | Кыргыз Республикасы- нын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти |  |  | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору |  | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы "Инфо-Система" Мамлекеттик ишканасы | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти |
| Аймактык органдар |  |  |  |  |  |  |  |  |
