# Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93475>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15463/edition/1223332/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93475.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" токтому (26.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93475

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 20-февралы № 113 Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 192, 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 212, 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 512, 2015-жылдын 3-апрели № 188, 2019-жылдын 21-февралындагы № 81, 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 165, 2020-жылдын 30-июлундагы № 405, 2021-жылдын 5-мартындагы № 77, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 392, 2025-жылдын 26-августундагы № 528 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 762 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмүнүн бекитилгенине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-февралындагы № 81 токтомунун редакциясына ылайык) ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-сентябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ө.Бабанов

2-тиркеме

“3-тиркеме”

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 392 токтомунун редакциясына ылайык)
