Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 „Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө“ токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 20-февралы №112 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы №741 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өтөөнүн маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы №764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жободо:
6-пунктта:
а) пунктчасында:
жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүүчү нормативдик укуктук актылардын долбоорлоруна укуктук, укук коргоочу, коррупцияга каршы жана гендердик экспертиза жүргүзөт;"; төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи жана он экинчи абзацтар менен толукталсын: "- укуктук пропаганда боюнча иш-чараларды жүргүзөт;"; "- элдик мыйзам чыгаруу демилгеси укугун ишке ашыруу үчүн демилге кылынган Мыйзам долбоорун жана демилгечи топту каттоону жүргүзөт;";
б) пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик органдардын укуктук пропагандалоо боюнча иштерин координациялайт;";
г) пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын тиешелүү кызмат адамдарынын жана чет мамлекеттердин кызмат адамдарынын аты-жөнү, колу жана бекитип берилген мөөрлөрү жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымат банкын түзөт;"; 8-пункттун сегизинчи абзацындагы жана 11-пункттун он бешинчи абзацындагы ", тескемелерди" деген сөз алып салынсын; 11-пункттун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилери кошпогондо, статс-катчынын сунушу боюнча юстиция органдарынын системасынын мамлекеттик кызматчыларын кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;"; 11-1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "11-1. Статс-катчы юстиция органдарынын системасында администрациялык мамлекеттик кызматтарды ээлеген мамлекеттик кызматчыларды кызматка дайындоо, которуу, ротациялоо жана кызматтан бошотуу үчүн сунуштарды даярдайт.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Юстиция министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
Тиркеме
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы №764 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ
| ┌─────────┤ Кыргыз Республикасынын └───────────┬─────────────┘ | Юстиция министрлиги | ||||
|---|---|---|---|---|---|
| Министрликтин коллегиясы | Министрликтин жетекчилиги | Борбордук аппарат | |||
| v v ┌───────────────────┐ ┌────────────────┐ ┌──────────────────────┐ ├──> └───────────────────┘ └────────────────┘ ┌───────────────────┐ └──> башкармалыгы | Облустардын юстиция башкармалыктары экспертиза мамлекеттик Чүй-Бишкек юстиция | борбору | Борбордук күрөө каттоо конторасы └──────────────────────┘ | Юстиция министрлигинин алдындагы Соттук | |
| Облустардагы каттоо боюнча адис | СЭМБнын Ош облустар аралык филиалы | СЭМБнын Балыкчы облустар аралык филиалы |
".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 78
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" Жобосу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764…Положение · 15.12.2009 · № 764 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 15.12.2009 · № 764 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 78
- Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндөЗакон · 16.11.2011 · № 212
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 15.12.2009 · № 764 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы №741 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өтөөнүн маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 29.11.2011 · № 741 · Күчүн жоготкон