# КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы №94 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы №94 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 94
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93457>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15445/edition/401633/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93457.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы №94 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому (15.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93457

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 15-февралы №94 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө "Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 7-сентябрындагы №584 "Акциялары (акцияларынын бир бөлүгү) мамлекеттик менчикке бекитилген акционердик коомдордун башкаруу органдарында мамлекеттин кызыкчылыгын көрсөтүүнү камсыз кылуу жөнүндө" токтомунун 2-пунктунун экинчи абзацы, 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 11-октябрындагы №628 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 6-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-сентябрындагы №624 "Мамлекеттик мүлктү андан ары сатып алуу менен башкарууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы №64 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 8-июлундагы №518 "Акциялары (акцияларынын бир бөлүгү) мамлекеттик менчикке бекитилген акционердик коомдордун башкаруу органдарында мамлекеттин кызыкчылыгын көрсөтүүнү камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 7-сентябрындагы № 584 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары, 1.1-пунктчасы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы №368 "Мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-мартындагы №139 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ө.Бабанов
