Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Кыргыз Республикасынын аймагынан алынып чыгуучу жер семирткичтерге сезондук (алып чыгуучу) бажы алымдарынын ставкаларын белгилөө жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 18 декабря 2017 года № 816 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики в сфере регулирования предпринимательской деятельности"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-12-18.
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 9-февралы №84 Кыргыз Республикасынын аймагынан алынып чыгуучу жер семирткичтерге сезондук (алып чыгуучу) бажы алымдарынын ставкаларын белгилөө жөнүндө Айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жер семирткичтер менен камсыз кылуудагы кыйынчылыкты жоюу, түшүмдүүлүктү жогорулатуу жана айыл чарба өсүмдүктөрүн экспорттоо максатында, "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, 1947-жылдын 30-октябрындагы Тарифтер жана соода боюнча башкы макулдашуунун XI беренесинин 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2012-жылдын 15-февралынан 15-августуна чейин ТЭН ТН 3101000000 - 3105 коду боюнча классификацияланган жер семирткичтерге сезондук (алып чыгуучу) бажы алымдарынын ставкасы 1 кг үчүн 14 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Кайсы өлкөгө бара тургандыгына карабастан ТЭН ТН 3101000000 3105 коду боюнча классификацияланган, Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан алынып чыгуучу жер семирткичтерге сезондук (алып чыгуучу) бажы алымдарынын ставкасы колдонулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды контрабандалык алып чыгууга (экспорттоого) тыюу салууга багытталган зарыл чараларды көрүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул токтомдун кабыл алынгандыгы жөнүндө Евразиялык экономикалык коомдоштуктун Интеграциялык Комитетине жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте билдирсин.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги бул токтомдун кабыл алынгандыгы жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине белгиленген тартипте билдирсин.
6. Бул токтом 2012-жылдын 15-февралынан тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишкердик ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп…Постановление · 18.12.2017 · № 816
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-июнундагы №438 "2012-жылдын январь-мартында Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 25.06.2012 · № 438 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишкердик ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп…Постановление · 18.12.2017 · № 816
- Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндөЗакон · 30.12.2014 · № 173 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндөЗакон · 29.03.2006 · № 81 · Күчүн жоготкон