# КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 3-февралындагы №83 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-августундагы №437 "Канттын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 3-февралындагы №83 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-августундагы №437 "Канттын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 83
- Кабыл алынган күнү: 03.02.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93447>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15435/edition/1159633/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93447.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 3-февралындагы №83 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-августундагы №437 "Канттын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (03.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93447

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 3-февралы №83 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-августундагы № 437 "Канттын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-августундагы № 437 "Канттын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Канттын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентте:

- 7-пунктунда:

1-пунктчасынын бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: "ак түстөгү кант - Эл аралык кант шкаласынын 99,5 градусунан кем эмес поляризацияланган таттуу-жыттуулар кошулбаган кант;"; 2-пунктчасындагы алтынчы абзац күчүн жоготту деп табылсын;

- 10-пунктунун 1-пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын;

- 49-пункту күчүн жоготту деп табылсын;

- 68-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

"68. Кантты идентификациялоо тиешелүү стандартка ылайык жасалып, анда көрсөтүлгөн белгилер боюнча, ошондой эле өндүрүүчү же сатуучу тарабынан берилген сүрөттөмөлөр боюнча жүргүзүлөт."; 5 жана 6-тиркемелери күчүн жоготту деп табылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтому 2012-жылдын 5-февралынан тартып күчүнө кирет.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Премьер-министри

Ө.Бабанов
