# КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы №78 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы №78 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93442>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15430/edition/399873/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93442.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы №78 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому (20.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93442

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 776 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 1-февралы №78 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө Окуу-машыгуу процессинин сапатын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын спортсмендеринин эл аралык спорттук аренага чыгуу натыйжаларын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы №264 "Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби (ДЮСШ), олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби (РСДЮШОР), республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби (СДЮШОР) жөнүндө типтүү жободо:

- аталышындагы "(ДЮСШ)", "(СДЮШОР)" жана "(РСДЮШОР)" деген аббревиатуралар алып салынсын;

- 33-пунктунда "хореографтардын" деген сөз алып салынсын;

- IX бөлүм төмөнкү мазмундагы 33-1-пункт менен толукталсын:

"33-1. Хореографтардын эмгек акыларын төлөө тийиштүү билими бар машыктыруучу-окутуучулардын эмгек акыларын төлөгөндөй эле шартта жүргүзүлөт. Мында, хореографтын жогорку же атайын орто билими же болбосо "спорттун чебери" же "эл аралык класстагы спорттун чебери" деген спорттук наамы болушу керек.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ө.Бабанов
