# КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы №75 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-октябрындагы № 611 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу системасынын борбордук органын реформалоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы №75 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-октябрындагы № 611 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу системасынын борбордук органын реформалоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.06.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93439>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15427/edition/1070366/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93439.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.06.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы №75 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-октябрындагы № 611 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу системасынын борбордук органын реформалоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (21.06.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93439

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 1-февралы №75 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-октябрындагы № 611 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу системасынын борбордук органын реформалоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92, 93-беренелерине жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-октябрындагы №611 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу системасынын борбордук органын реформалоо жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы Жазаларды аткаруу департаменти аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына бириктирүү жолу менен өзгөртүп түзүлсүн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы Жазаларды аткаруу департаментинин укук мураскору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы болуп эсептелсин.".

- 4-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы үч айлык мөөнөттө:

- бул токтомдон келип чыккан сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;

- өзгөртүп түзүүгө байланышкан иш-чараларды жүргүзүү боюнча комиссия түзсүн;

- өткөрүп берүү актысын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ө.Бабанов
