# КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы №74 "Медициналык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы №74 "Медициналык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93438>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15426/edition/946270/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93438.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы №74 "Медициналык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому (02.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93438

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 200 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 1-февралы №74 "Медициналык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 15, 2018-жылдын 5-июлундагы № 313 токтомдорунун редакцияларына ылайык) "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген "Медициналык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Техникалык регламентке шайкеш келтирүү жөнүндө сунуш киргизсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 15, 2018-жылдын 5-июлундагы № 313 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Премьер-министри

Ө.Бабанов
