# КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы №73 "Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөктөр жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы №73 "Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөктөр жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 73
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93437>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15425/edition/399608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93437.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы №73 "Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөктөр жөнүндө" токтому (01.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93437

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 1-февралы №73 Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөктөр жөнүндө Илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысын реформалоого байланыштуу, илим чөйрөсүндө иштеген жылдары үчүн үстөктөрдү белгилөө жана төлөө тартибин жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген Илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөк белгилөө жана төлөө тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөктөрдү төлөөгө чыгымдарды каржыласын.

3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөк белгилөө жана төлөө тартиби жөнүндө жобону колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтом 2011-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Премьер-министри

Ө.Бабанов
