Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-02-01.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 1-февралы №72 "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2009-жылдын 3-марты № 15) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Преамбуланын 2-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
2. 1-берененин 2-бөлүгүндө:
- "мамлекеттик башкаруунун органдары," деген сөздөрдөн кийин "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары," деген сөздөр менен толукталсын;
- "илимий-билим берүү" деген сөздөрдөн кийин ", коммерциялык" деген сөз менен толукталсын;
- "мамлекеттик ишканалар," деген сөздөр алып салынсын.
3. 2-беренеде:
- 1-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоо системасы - узак мөөнөттүү (10 жана андан көп жылга), орто мөөнөттүү (3 жылдан 5 жылга чейин) жана кыска мөөнөттүү (1 жылга чейин) мезгилге өлкөнүн өнүгүүсүн камсыз кылуучу принциптерден, документтерден, процесстерден жана мамлекеттик болжолдоонун катышуучуларынан турган өз ара байланышкан элементтердин жыйындысы. Мамлекеттик болжолдоо процесси иштеп чыгуу жана бекитүү, ишке ашыруу, мониторинг жүргүзүү, баалоо, оңдоп-түзөтүү, кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын ишке ашырылышын контролдоо боюнча чаралар комплексин колдонуу аркылуу ишке ашырылат. Мамлекеттик болжолдоо Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн деңгээлин жогорулатууга, жарандардын жашоо турмушунун сапатын жакшыртууга жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган мамлекеттик бийлик органдарынын жана өлкөнү өнүктүрүү процессинин башка катышуучуларынын иш-аракеттерин камтыйт. Мамлекеттик болжолдоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
- он жана андан көп жылга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн узак мөөнөттүү болжолу, беш жылда бир жолу оңдоп түзөтүлөт;
- үч жылдан беш жылга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн орто мөөнөттүү болжолу, жыл сайын оңдоп - түзөтүлөт;
- келерки жылга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн кыска мөөнөттүү болжолу.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик узак мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү мезгилге болжолдоолорун (мындан ары - социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү болжолдоо) иштеп чыгуу тартибин аныктайт.";
- 3-бөлүктөгү "түзүмүн" деген сөз "саясатын" деген сөзгө алмашылсын;
- 4-бөлүктүн 2-сүйлөмү алып салынсын;
- 5-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;
- 6-бөлүктүн экинчи абзацындагы "түзүмдөрдүн" жана "түзүмдүн" деген сөздөр "саясаттын" деген сөзгө алмашылсын;
- 7-бөлүктүн биринчи-үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп табылсын;
- 8-бөлүктөгү "бекитилет" деген сөздөн кийин "жана бюджеттин кирешесин үч жылдык мезгилге эсептөө үчүн негиз болуп саналат." деген сөздөр менен толукталсын.
4. 3-берененин 2-бөлүгүндө:
"илимий-билим берүүчү" деген сөздөрдөн кийин ", коммерциялык" деген сөз менен толукталсын; "мамлекеттик ишканалар," деген сөздөр алып салынсын.
5. 4-берененин 2-бөлүгүндөгү "параметрлерин, максаттуу багыттарын жана" деген сөздөр алып салынсын.
6. 5-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
"5-берене. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн болжолдоону сунуштоо, караштыруу жана бекитүү тартиби
1. Болжолдогу үч жылдык мезгилден мурунку жылдын биринчи кварталында, бюджеттик каржылоо боюнча алдын ала контролдук цифраларды жана Кыргыз Республикасын республикалык жана жергиликтүү деңгээлде социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн бекитилген орто мөөнөттүк параметрлерин эске алуу менен тармактык министрликтер, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек, Ош мэриялары тарабынан өнүгүүнүн орто мөөнөттүк стратегиялары/программалары, андан ары колдонуудагы бюджеттик мыйзамдардын алкагында бюджеттик каржылоо боюнча контролдук цифраларды тактоо жол-жоболору менен иштелип чыгат.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жалпы республикалык, тармактык жана региондук болжолдордун негизинде Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн бекитилген орто мөөнөттүк болжолунун алкагында келерки жылга социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыкталган болжолун түзөт.
3. Жыйынтыкталган болжол белгиленген тартипте болжолдогу жылдан мурунку жылдын 1-июнунан кечиктирилбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кароого жана бекитүүгө берилет.
4. Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын максаттарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген ИДПга карата салыктык кирешелердин жалпы деңгээлин орто мөөнөттүк болжолдоону кошо алганда социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу келерки жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана республикалык бюджеттеринин кирешелери боюнча болжолду даярдоо үчүн негиз болуп саналат.
5. Болжолдогу жылдан мурунку жылдын 1-сентябрына чейин белгиленген тартипте бекитилген жыйынтыкталган болжол Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлөт.
6. Берилген материалдарды кароонун тартиби келерки жылга республикалык бюджеттин долбоорун талкуулоо учурунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан аныкталат.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети Кыргыз Республикасынын экономикасынын абалына ай сайын мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылышат жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө маалыматтык-статистикалык маалыматтарды жарыялашат."
7. 6-берене "органдарынын жетекчилери" деген сөздөрдөн кийин ", мамлекеттик катышуусу бар юридикалык жактар, коомдук, илимий жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, жеке жактар" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМАТ
"Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасында болжолдоо процессин өркүндөтүү жана натыйжалуу камсыз кылуу максатында даярдалган. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн болжолдоону иштеп чыгуу процессин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-июлундагы № 432 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолдорун иштеп чыгуу тартиби кирет, мында алар түзүлгөн кырдаалдарда мамлекеттин керектөөлөрүн толук көлөмдө канааттандыра албайт жана оперативдүү түрдө чече турган көйгөйлөр пайда болууда. Бир кыйла даражада жогоруда көрсөтүлгөн көйгөйлөрдүн себептери төмөнкүлөрдөн улам пайда болот:
- болжолдоолорду иштеп чыгууда мамлекеттик органдардын макулдашылбаган аракеттери;
- региондук деңгээлде иштелип чыккан болжолдор менен тармактык министрликтер жана ведомстволордун болжолдорунун макулдашылбагандыгы;
- Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорун берүүнүн, кароонун жана бекитүүнүн мөөнөттөрүнүн тартипке келтирилбегендиги;
- Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорунун мамлекеттик системасы жөнүндө терминологиянын жыйнакталып аныкталбагандыгы ж.б.
Болжолдоонун улуттук системасын түзүү боюнча пайда болгон көйгөйлөрдүн актуалдуулугуна байланыштуу Министрлик тарабынан "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-февралындагы № 61 Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү талап кылган мамлекеттик болжолдорду иштеп чыгуунун катышуучуларынын өз ара аракеттенүүлөрү үчүн мөөнөттөрү, форматтары жана жол-жоболору боюнча мамлекеттик болжолдоонун процесстерин жөнгө салуучу документтердин пакети иштелип чыкты. Жогоруда көрсөтүлгөн "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алууда Кыргыз Республикасында болжолдоонун процесси системалаштырылат. Жогоруда белгиленгендердин негизинде "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору кароого киргизилет.
Министр
Т.Сариев
"Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
| № | Пункттар- га берене- лерге шилтеме- лер | Колдонуудагы редакциясы | Сунушталган редакция |
|---|---|---|---|
| 1 | Преамбу- ланын 2- бөлүгү | "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдоолорун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн программаларын иштеп чыгуунун негизги максаты туруктуу экономикалык өсүүгө жетишүү, экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу болуп эсептелет." | Преамбуланын 2-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын |
| 2 | 1-берене- нин 2-бөлүгү | "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолдоо - бул кыска мөөнөткө, орто мөөнөткө жана узак мөөнөткө өлкөнү социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдоолорун уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү 30 пайыздан ашыгын түзгөн, мамлекеттик башкаруунун органдары, илимий-билим берүү уюмдар менен мекемелер, мамлекеттик ишканалар, чарбакер субъекттер тарабынан иштеп чыккан процесс" | "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолдоо - бул кыска мөөнөткө, орто мөөнөткө жана узак мөөнөткө өлкөнү социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдоолорун уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү 30 пайыздан ашыгын түзгөн, мамлекеттик башкаруунун органдары, ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ, илимий-билим берүү, КОММЕРЦИЯЛЫК уюмдар менен мекемелер, чарбакер субъекттер тарабынан иштеп чыккан процесс." |
| 3 ├─────────┼────────────────────────────┼────────────────────────────┤ ├─────────┼────────────────────────────┼────────────────────────────┤ ├─────────┼────────────────────────────┼────────────────────────────┤ ├─────────┼────────────────────────────┼────────────────────────────┤ ├─────────┼────────────────────────────┼────────────────────────────┤ ├─────────┼────────────────────────────┼────────────────────────────┤ | 2-берене- нин 1-бөлүгү 2-берене- нин 3-бөлүгү 2-берене- нин 4-бөлүк- түн 2-сүйлөмү 2-берене- нин 5-бөлүгү 2-берене- нин 6-бөлүк- түн экинчи абзацы 2-берене- нин 7-бөлүк- түн биринчи үчүнчү абзацта- ры 2-берене- нин 7-бөлүгү | "1. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолдоолорунун тутуму төмөндөгүлөрдү камтыйт: - Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн он жана андан көп жылга узак мөөнөттүү болжолдоосу; - Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн үч жылдан беш жылга чейин орто мөөнөттүү болжолдоосу; - Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн келерки жылга кыска мөөнөттүү болжолдоосу. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик узак мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү мезгилге болжолдоолорун (мындан ары - социалдык-экономикалык өнүгүүнү болжолдоо) иштеп чыгуу тартибин аныктайт." "3. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдоолору Кыргыз Республикасынын демографиялык, интеллектуалдык абалын, илимий-техникалык күч-кубатын, топтолгон улуттук байлыгын, социалдык түзүмүн, тышкы абалык, жаратылыш ресурстарынын абалын жана көрсөтүлгөн факторлордун өзгөрүүсүнүн келечегин комплекстүү талдоо менен иштеп чыгарылат." "Экономиканын стратегиялык маанилүү секторлорунун өнүгүү болжолдоолору өзүнчө иштелип чыгарылышы мүмкүн." "5. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдоолору демографиялык, экологиялык, илимий-техникалык, тышкы экономикалык, социалдык, ошондой эле тармактык, региондук жана иштин башка айрым коомдук маанилүү чөйрөлөрүн болжолдоолорго негизделет." "Социалдык-экономикалык өнүгүүнү болжолдоолор өзүнө макроэкономикалык кырдаалдын, экономикалык түзүмдөрдүн, илимий-техникалык өнүгүүнүн, тышкы экономикалык иштин, ИДПнын өсүү жана керектөө динамикасынын, жашоо деңгээлинин жана анын сапатынын, экологиялык кырдаалдын, социалдык түзүмдүн, ошондой эле билим берүү, саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоону камсыз кылуу тутумдардын сандык көрсөткүчтөрүн жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн камтыйт." "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолдоолору кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилдерде жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн узак мөөнөткө болжолдоолору он жана андан көп жылга иштеп чыгарылат. Беш жылда бир жолу оңдолот. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн орто мөөнөткө болжолдоолору үч жылдан беш жылга чейинки мезгилге иштеп чыгарылат жана жыл сайын оңдолот." "8. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдонгон параметрлери Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жалпы мамлекеттик болжолдуу багыттары болуп эсептелет, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан болжолдонуучу мезгилге келерки жылдын 15-мартына чейин бекитилет." | "1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоо системасы - узак мөөнөттүү (10 жана андан көп жылга), орто мөөнөттүү (3 жылдан 5 жылга чейин) жана кыска мөөнөттүү (1 жылга чейин) мезгилге өлкөнүн өнүгүүсүн камсыз кылуучу принциптерден, документтерден, процесстерден жана мамлекеттик болжолдоонун катышуучуларынан турган өз ара байланышкан элементтердин жыйындысы. Мамлекеттик болжолдоо процесси иштеп чыгуу жана бекитүү, ишке ашыруу, мониторинг жүргүзүү, баалоо, оңдоп-түзөтүү, кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын ишке ашырылышын контролдоо боюнча чаралар комплексин колдонуу аркылуу ишке ашырылат. Мамлекеттик болжолдоо Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн деңгээлин жогорулатууга, жарандардын жашоо турмушунун сапатын жакшыртууга жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган мамлекеттик бийлик органдарынын жана өлкөнү өнүктүрүү процессинин башка катышуучуларынын иш-аракеттерин камтыйт. Мамлекеттик болжолдоо төмөнкүлөрдү камтыйт: - он жана андан көп жылга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн узак мөөнөттүү болжолу, беш жылда бир жолу оңдоп - түзөтүлөт; - үч жылдан беш жылга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн орто мөөнөттүү болжолу, жыл сайын оңдоп - түзөтүлөт; - келерки жылга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн кыска мөөнөттүү болжолу. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик узак мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү мезгилге болжолдоолорун (мындан ары - социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү болжолдоо) иштеп чыгуу тартибин аныктайт." "3. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдоолору Кыргыз Республикасынын демографиялык, интеллектуалдык абалын, илимий-техникалык күч-кубатын, топтолгон улуттук байлыгын, социалдык САЯСАТЫН, тышкы абалык, жаратылыш ресурстарынын абалын жана көрсөтүлгөн факторлордун өзгөрүүсүнүн келечегин комплекстүү талдоо менен иштеп чыгарылат." 4-бөлүктүн 2-сүйлөмү алып салынсын 5-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын; "Социалдык-экономикалык өнүгүүнү болжолдоолор өзүнө макроэкономикалык кырдаалдын, экономикалык САЯСАТТЫН, илимий-техникалык өнүгүүнүн, тышкы экономикалык иштин, ИДПнын өсүү жана керектөө динамикасынын, жашоо деңгээлинин жана анын сапатынын, экологиялык кырдаалдын, социалдык САЯСАТТЫН, ошондой эле билим берүү, саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоону камсыз кылуу тутумдардын сандык көрсөткүчтөрүн жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн камтыйт." 7-бөлүктүн биринчи-үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп табылсын "8. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдонгон параметрлери Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жалпы мамлекеттик болжолдуу багыттары болуп эсептелет, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан болжолдонуучу мезгилге келерки жылдын 15-мартына чейин бекитилет ЖАНА БЮДЖЕТТИН КИРЕШЕСИН ҮЧ ЖЫЛДЫК МЕЗГИЛГЕ ЭСЕПТӨӨ ҮЧҮН НЕГИЗ БОЛУП САНАЛАТ." |
| 4 | 3-берене- нин 2-бөлүгү | "2. Мамлекеттик болжолдоолордун катышуучулары болуп аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, илимий-билим берүүчү уюмдар жана мекемелер, мамлекеттик ишканалар, уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү 30% дан ашыгын түзгөн чарбакер субъекттер эсептелет." | "2. Мамлекеттик болжолдоолордун катышуучулары болуп аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, илимий-билим берүүчү, КОММЕРЦИЯЛЫК уюмдар жана мекемелер, мамлекеттик ишканалар, уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү 30% дан ашыгын түзгөн чарбакер субъекттер эсептелет." |
| 5 | 4-берене- нин 2-бөлүгү | "Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдоолору болжолдонуучу негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жана аларга жетишүүнү камсыз кылуунун параметрлерин, максаттуу багыттарын жана чараларын камтышы керек." | "Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдоолору болжолдонуучу негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жана аларга жетишүүнү камсыз кылуунун чараларын камтышы керек." |
| 6 | 5-берене | "5-берене. Кыргыз Республикасынын социалдык- экономикалык өнүгүүсүн болжолдоолорду берүүнүн, кароонун жана бекитүүнүн тартиби 1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жалпы республикалык, тармактык жана региондук болжолдоолордун негизинде Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн бириктирилген болжолдоо топтомун түзөт. 2. Болжолдоо топтому белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө жиберилет. Белгиленген тартипте бекитилген болжолдоо топтому болжолдонуучу мезгилге келерки жылдын 1-апрелине чейин Өкмөт тарабынан Жогорку Кеңешке жиберилет." | "5-берене. Кыргыз Республикасынын социалдык- экономикалык өнүгүүсүн болжолдоолорду берүүнүн, кароонун жана бекитүүнүн тартиби 1. Болжолдогу үч жылдык мезгилден мурунку жылдын биринчи кварталында, бюджеттик каржылоо боюнча алдын ала контролдук цифраларды жана Кыргыз Республикасынын республикалык жана жергиликтүү деңгээлде социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн бекитилген орто мөөнөттүк параметрлерин эске алуу менен тармактык министрликтер, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек, Ош мэриялары тарабынан өнүгүүнүн орто мөөнөттүк стратегиялары/программалары, андан ары колдонуудагы бюджеттик мыйзамдардын алкагында бюджеттик каржылоо боюнча контролдук цифраларды тактоо жол-жоболору менен иштелип чыгат. 2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жалпы республикалык, тармактык жана региондук болжолдордун негизинде Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн бекитилген орто мөөнөттүк болжолунун алкагында келерки жылга социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыкталган болжолун түзөт. 3. Жыйынтыкталган болжол белгиленген тартипте болжолдогу жылдан мурунку жылдын 1-июнунан кечиктирилбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кароого жана бекитүүгө берилет. 4. Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын максаттарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген ИДПга карата салыктык кирешелердин жалпы деңгээлин орто мөөнөттүк болжолдоону кошо алганда социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу келерки жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана республикалык бюджеттеринин кирешелери боюнча болжолду даярдоо үчүн негиз болуп саналат. 5. Болжолдогу жылдан мурунку жылдын 1-сентябрына чейин белгиленген тартипте бекитилген жыйынтыкталган болжол Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлөт. 6. Берилген материалдарды кароонун тартиби келерки жылга республикалык бюджеттин долбоорун талкуулоо учурунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан аныкталат. 7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети Кыргыз Республикасынын экономикасынын абалына ай сайын мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылышат жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө маалыматтык-статистикалык маалыматтарды жарыялашат." |
| 7 | 6-берене | "6-берене. Кыргыз Республикасынын социалдык- экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолдоолору үчүн маалыматтарды так жана өз убагында берүү үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолдоолору үчүн маалымат берген аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматты так жана аны өз убагында берүү үчүн жоопкерчилик тартылышат." | "6-берене. Кыргыз Республикасынын социалдык- экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолдоолору үчүн маалыматтарды так жана өз убагында берүү үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолдоолору үчүн маалымат берген аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери МАМЛЕКЕТТИК КАТЫШУУСУ БАР ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАР, КООМДУК, ИЛИМИЙ ЖАНА КОММЕРЦИЯЛЫК ЭМЕС УЮМДАРДЫН ӨКҮЛДӨРҮ, ЖЕКЕ ЖАКТАР Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматты так жана аны өз убагында берүү үчүн жоопкерчилик тартылышат." |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 10-майындагы № 1890-V "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 10.05.2012 · № 1890-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 14-июнундагы № 2031-V "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 14.06.2012 · № 2031-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 28-июнундагы № 2173-V "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 28.06.2012 · № 2173-V
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндөЗакон · 20.02.2009 · № 61 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-июлундагы №432 "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолдорун иштеп чыгуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.07.2009 · № 432 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 25.07.2012 · № 140 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-июлундагы №432 "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолдорун иштеп чыгуу" тартибиПорядок · 04.07.2009 · № 432
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын…Постановление · 22.08.2011 · № 473 · Күчүн жоготкон