# КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы №71 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №733 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы №71 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №733 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 71
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93435>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15423/edition/399566/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93435.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы №71 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №733 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" (01.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93435

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 1-февралы №71 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №733 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 5-августундагы №181 "Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агентствосу (ДЕБРА) жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №733 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жободо:

- 5-пунктунун бешинчи абзацы, 6-пунктунун 4-пунктчасы, 8-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;

- 11-пунктунун сегизинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу депозиттерди коргоо Агенттигинин өзүн күтүүгө, анын чыгашалар бөлүгүн кошпогондо" деген сөздөр алып салынсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ө.Бабанов
