Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин ишин натыйжалуу камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 1-февралы №70 Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин ишин натыйжалуу камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө Мамлекеттик имараттарды натыйжалуу башкаруу жана аларга Кыргыз Ресиубликасынын эл аралык келишимдерин жана макулдашууларына ишке ашырууга тартылган мамлекеттик мекемелерди жана уюмдарды жайгаштыруу максатында, ошондой эле Азия ɵнүктүрүү банкы ишке ашырып жаткан "Калктуу конуштардын деңгээлинде инфраструктуралык кызматтарды көрсөтүү - кошумча" долбоору жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы ишке ашырып жаткан "Айылды суу менен камсыздоо жана санитария боюнча экинчи долбоор" Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүу жана инвестициялоо агенттигинии карамагына берилип жатканын эске алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жɵнүндɵ" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) Азия ɵнүктүрүү банкынын "Калктуу конуштардын деңгээлинде инфраструктуралык кызматтарды көрсөтүү -кошумча" долбоорун жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын «Айылды суу менен камсыздоо жана санитария боюнча экинчи долбоор" долбоорун ишке ашырууга тартылган кызматкерлерди, материалдарды жана жабдууларды Кыргыз Ресиубликасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги турган: Бишкек шаары, Бɵкɵнбаев көчөсү, 2 Дарегине жайгаштыруу жөнүндө сунушу жактырылсын.
2.Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
- Бишкек шаары, Бөкɵнбаев көчөсү, 102 дарегиндеги имараттын батыш тарабынын биринчи кабатындагы бɵлмɵ-жайларды Азия өнүктүрүү банкынын "Калктуу конуштардын деңгээлинде инфраструктуралык кызматтарды көрсөтүү - кошумча" долбоорун жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын "Айылды суу менен камсыздоо жана санитария боюнча экинчи долбоор" долбоорун ишке ашырууга тартылган кызматкерлерди, материалдарды жана жабдууларды жайгаштыруу үчүн бошотсун;
.Бишкек шаары, Чүй проспекти, 114 дарегинде жайгашкан имараттын 4-кабатындагы, мурда Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин Айылды суу менен камсыздоо департаментине Азия өнүктүрүү банкынын "Калктуу конуштардын деңгээлинде инфраструктуралык кызматтарды көрсөтүү -кошумча" долбоорун жана Эл аралык өнуктүрүү ассоциациясьшын "Айылды суу менен камсыздоо жана санитария боюнча экинчи долбоор" долбоорун башкаруучу бөлүмдөрдү жайгаштыруу үчүн берилген бөлмɵ-жайларды Агробизнестеги атаандаштыкка жарактуулук борборуна берсин.
3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-июлундагы №307 "Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчесү, 102 дарегиндеги турак жай эмес имаратты Кыргыз Республикасынын Коомчулукту енүктүрүү жана инвестициялоо агентствосуна ɵткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
-2-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына тапшырылсын.
5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер министр
Ɵ. Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 25-июлундагы, №307 "Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, 102 дарегиндеги турак жай эмес имаратты Кыргыз Республикасынын Коомчулукту…Постановление · 25.07.2005 · № 307
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон