Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 „Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүүнү жана мамлекеттик билим берүү гранттарын конкурстук бөлүштүрүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 30 июня 2022 года № 355 "Об утверждении нормативных правовых актов в сфере высшего и среднего профессионального образования Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-06-30.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 31-январы №69 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 "Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүүнү жана мамлекеттик билим берүү гранттарын конкурстук бөлүштүрүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы №404 "Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүүнү жана мамлекеттик билим берүү гранттарын конкурстук бөлүштүрүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1-пункттун экинчи абзацындагы "Мамлекеттик билим берүү гранттарына талапкер" деген сөздөр алып салынсын; аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик билим берүү гранттарына талапкер абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жөнүндө жободо:
- аталышындагы "Мамлекеттик билим берүү гранттарына талапкер" деген сөздөр алып салынсын;
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Бул Жобо "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына окууга кирүүнү каалаган адамдарды (мындан ары - абитуриент) жалпы республикалык тестирлөө (мындан ары - тестирлөө) жүргүзүүнүн тартибин белгилейт.";
- 2-пункттагы "жана аларга мамлекеттик жогорку окуу жайларында окууга мамлекеттик билим берүүчү гранттарды берүү" деген сөздөр алып салынсын жана "абитуриенттерди" деген сөздөн кийин "мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде жана жогорку окуу жайларынын контракттык бөлүмдөрүндө окутуу" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пункт:
"билими бар" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле каттоо учурунда жалпы билим берүү мектептеринин 11 (12)-класстарында жана орто жана баштапкы кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдарынын бүтүрүүчү курстарында окуган" деген сөздөр менен толукталсын; "жогорку билими бар же" деген сөздөр алып салынсын; төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Жогорку кесиптик билими бар адамдар сырттан окуу, күндүзгү-сырттан окуу, окутуунун дистанциялык формасы жана экстрендик формасы боюнча даярдоого тыюу салынган багыттар жана адистиктер боюнча контракттык негизде окутуунун күндүзгү формасындагы толук курсу үчүн жогорку окуу жайына кирүү шартында тестирлөөгө катышууга укуктуу.";
- 10-пункт "формаларын" деген сөздөн кийин "тестирлөө аяктагандан кийин алты ай бою" деген сөздөр менен толукталсын;
- 11-пункттагы "жүргүзөт" деген сөз "жүргүзүүгө укуктуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 20-пункттагы "баа түзүүнү мамлекеттик жөнгө салуу үчүн жооп берген тиешелүү мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларында студенттерди окутуу үчүн мамлекеттик жалпы билим берүүчү гранттар жөнүндө жободо:
- 19-пункттагы "контракттык бөлүмдөрүндөгү" деген сөздөр "бюджеттик жана контракттык бөлүмдөрүндөгү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Мамлекеттик билим берүү гранттарына талапкер абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 токтому…Положение · 02.06.2006 · № 404
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларында студенттерди окутуу үчүн мамлекеттик билим берүүчү гранттар жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын…Положение · 02.06.2006 · № 404
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук…Постановление · 30.06.2022 · № 355
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 "Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүүнү жана мамлекеттик билим берүү гранттарын конкурстук…Постановление · 02.06.2006 · № 404 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук…Постановление · 30.06.2022 · № 355
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 "Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүүнү жана мамлекеттик билим берүү гранттарын конкурстук…Постановление · 02.06.2006 · № 404 · Күчүн жоготкон
- «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 115…Заключение · 03.03.2014 · № 115 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон