# КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 68 "Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 68 "Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93432>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15420/edition/1086440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93432.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 68 "Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө" токтому (14.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93432

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 31-январы № 68 Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык) Медициналык-социалдык экспертиза жагындагы ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам деп эсептөө жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)

2. 1991-жылдын 1-декабрына чейин СССРдин курамына кирген Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин аймактарында тийиштүү тартипте мөөнөтсүз берилген медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын маалымкаттары жана күбөлөндүрүү актысынын көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын аймагында легализациясыз кабыл алына тургандыгы белгиленсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 31-декабрындагы № 915 "Кыргыз Республикасында медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 3-февралындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 5-июнундагы №409 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 8-июлундагы №508 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 9-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-августундагы №388 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ө.Бабанов
