# КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы №66 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 268 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы №66 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 268 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.08.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93430>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15418/edition/969619/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93430.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.08.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы №66 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 268 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (27.08.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93430

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы № 429 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 31-январы №66 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 268 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Маданият жана искусство мекемелеринин типтүү штаттарын натыйжалуу пайдалануу, тармактын иштөөсүнүн туруктуу тутумун түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 268 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 1-пункт:

үчүнчү абзац "типтүү" деген сөздөн кийин "чектелген" деген сөз менен толукталсын; төртүнчү абзацтагы "массалык" деген сөз алып салынсын; төмөнкү мазмундагы 1.1-пункт менен толукталсын: "1.1. Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин чектелген типтүү штаттары пайдалануудагы штаттык сандын чегинде белгиленет.";

- 1-18-тиркемелердин аталыштары жана алардын эскертүүлөрү "Типтүү" деген сөздөн кийин "чектелген" деген сөз менен толукталсын";

- жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1 жана 3-тиркемелери бул токтомдун 1 жана 2-тиркемелеринин редакциясында берилсин;

- жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2-тиркемесинин:

"айылдык" графасында:

- 10-пункттагы "1" саны алып салынсын;

- 11-пункттагы "1" саны алып салынсын;

## I бөлүмдөгү "Жыйынтыгы "деген саптагы "3" саны "1" саны менен алмаштырылсын;

## III бөлүмдө:

38-пункт "1" саны менен толукталсын; "Жыйынтыгы" деген саптагы "0" саны "1" саны менен алмаштырылсын; "Жыйынтыгы" деген саптагы "3" саны "2" саны менен алмаштырылсын. 2-эскертүү төмөнкү мазмундагы 7 жана 8-пункттар менен толукталсын: "7) Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун типтүү чектелген штаты пайдалануудагы штаттык сандын чегинде белгиленсин - 20 бирдик.

8) Токтогул районунун музейлеринин Биргелешкен дирекциясынын типтүү чектелген штаты пайдалануудагы штаттык сандын чегинде белгиленсин - 24 бирдик.".

- 4-тиркеменин эскертүүсү төмөнкү мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:

"Чүй камералык оркестринин типтүү чектелген штаты пайдалануудагы штаттык сандын чегинде белгиленсин - 37 бирдик. Президенттин "Манас" камералык оркестринин типтүү чектелген штаты пайдалануудагы штаттык сандын чегинде белгиленсин - 24 бирдик.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ө.Бабанов

1-тиркеме

"1-тиркеме

Республикалык, Бишкек шаардык, облустук, райондук, шаардык жана айылдык китепканалардын типтүү чектелген ШТАТТАРЫ

| № | Кызматтардын аталышы ├──────┬──────┬──────┬──────┬──────────┤ | Китепканалардагы штаттык бирдиктердин саны айыл- дык | район- дук | шаар- дык | облус- тук | Респуб- ликалык (Улуттук китепкана) |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
|  | I. Негизги персонал |  |  |  |  |  |
| 1 | Директор |  | 1 | 1 | 1 | 1 |
| 2 | Директордун орун басары |  |  |  |  | 4 |
| 3 | Китепкана башчысы | 1 |  |  |  |  |
| 4 | Бөлүм башчысы |  | 3 | 3 | 3 | 24 |
| 5 | Сектор башчысы |  |  | 2 |  | 18 |
| 6 | Абонемент башчысы |  |  |  |  |  |
| 7 | Окуу залынын башчысы |  |  |  |  | 1 |
| 8 | Көчмө фондусунун башчысы |  |  |  |  |  |
| 9 | Филиал башчысы |  |  | 1 |  |  |
| 10 | Музей башчысы |  |  |  |  | 1 |
| 11 | Окумуштуу катчы |  |  |  |  | 1 |
| 12 | Башкы китепканачы |  | 1 | 2 | 3 | 22 |
| 13 | Жетектөөчү китепканачы |  | 2 | 2 | 2 | 22 |
| 14 | 1-категориядагы китепканачы |  | 1 |  |  | 40 |
| 15 | 2-категориядагы китепканачы |  |  |  |  | 27 |
| 16 | Китепканачы |  | 2 | 5 | 4 | 12 |
| 17 | Башкы библиограф |  | 1 | 1 | 2 | 7 |
| 18 | Жетектөөчү библиограф |  |  | 1 |  | 6 |
| 19 | 1-категориядагы библиограф |  |  |  |  | 7 |
| 20 | 2-категориядагы библиограф |  |  |  |  | 2 |
| 21 | Реставратор-мукабачы |  |  | 1 | 1 | 3 |
| 22 | Арип терүүчү |  |  |  |  | 2 |
| 23 | Басуучу, калыпка салуучу монтажист |  |  |  |  | 5 |
| 24 | Микрофильмдөө оператору, терүүчү-оператор |  |  |  |  | 2 |
| 25 | Сүрөтчү |  | 1 | 1 |  | 1 |
| 26 | Фото сүрөтчү |  |  |  |  | 1 |
| 27 | Дизайнер |  |  |  |  | 1 |
| 28 | Башкы бухгалтер |  |  |  | 1 | 1 |
| 29 | Улук бухгалтер |  |  |  |  | 1 |
| 30 | Бухгалтер |  |  |  | 1 | 3 |
| 31 | Кассир |  |  |  | 1 | 1 |
| 32 | Кадр боюнча инспектор |  |  |  |  | 1 |
| 33 | Юрист |  |  |  |  | 1 |
| 34 | Коомчулук менен байланыш боюнча адис |  |  |  |  | 2 |
|  | Жыйынтыгы: | 1 | 12 | 20 | 19 | 220 |
|  | II. Инженердик-техникалык персонал |  |  |  |  |  |
| 35 | Программист |  |  |  |  | 2 |
| 36 | Инженер |  |  |  |  | 3 |
| 37 | 1-категориядагы инженер |  |  |  |  | 3 |
| 38 | Техник |  |  |  | 1 | 7 |
| 39 | 1-категориядагы техник |  |  |  |  | 2 |
| 40 | 1-класстагы өрт өчүрүүчү |  |  |  | 1 | 2 |
| 41 | 2-класстагы өрт өчүрүүчү |  |  |  | 1 | 4 |
| 42 | Катчы-референт |  |  |  |  | 1 |
| 43 | Кампа, чарба башчысы |  |  |  | 1 | 1 |
| 44 | Текшерүүчү |  |  |  |  | 1 |
| 45 | Телефонист |  |  |  |  | 1 |
| 46 | Экспедитор |  |  |  |  | 2 |
|  | Жыйынтыгы: | 0 | 0 | 0 | 4 | 29 |
|  | III. Кенже тейлөөчү персонал |  |  |  |  |  |
| 47 | Айдоочу |  |  | 1 | 1 | 3 |
| 48 | Темир уста, жыгач уста, сантехник, электрик, көчүрмө-көбөйтүүчү техниканын оператору |  |  |  |  | 1 |
| 49 | Кийим илүүчү, кароолчу, лифт кызматкери, короо шыпыруучу, от жагуучу, курьер, бакчы | 1 | 2 | 3 | 3 | 8 |
| 50 | Имаратты тейлеп жана оңдоодон өткөрүп туруучу жумушчу, кызмат жайларын жана аймактарын тазалоочу жумушчу | 1 | 1 | 1 | 1 | 39 |
|  | Жыйынтыгы: | 2 | 3 | 5 | 5 | 51 |
|  | Бардыгы: | 3 | 15 | 25 | 28 | 300 |

Эскертүү:

1) К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасынын типтүү чектелген штаты пайдалануудагы штаттык сандын чегинде белгиленсин - 158 бирдик.

2) Т.Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасынын типтүү чектелген штаты пайдалануудагы штаттык сандын чегинде белгиленсин - 69 бирдик.

3) Атайын каражаттары бар китепканаларда бул каражаттын эсебинен акы төлөнгөн кошумча кызматкерлер штаты белгиленүүсү мүмкүн.

4) Бишкек шаардык Маданият башкармалыгынын Борборлоштурулган китепканалар тармагынын типтүү чектелген штаты пайдалануудагы түзүмдүн чегинде - 271 бирдик, Ош шаарыныкы - 49 бирдик, Токмок шаарыныкы - 39 бирдик чегинде белгиленсин.

5) А.Токтогулов атындагы Талас облустук китепканасынын типтүү чектелген штаты пайдалануудагы штаттык сандын чегинде белгиленсин 54 бирдик.

6) Кара-Кулжа райондук борборлоштурулган китепканалар тармагынын типтүү чектелген штаты пайдалануудагы штаттык сандын чегинде белгиленсин - 23 бирдик.

7) Улуттук китепкананын типтүү чектелген штаты пайдалануудагы штаттык сандын чегинде белгиленсин - 308 бирдик.".

2-тиркеме

"3-тиркеме

Клубдук мекемелердин типтүү чектелген ШТАТТАРЫ

| № | Кызматтардын аталышы ├────────┬────────┼────────┬────────┤ | Райондук Шаардык маданият үйү | Айылдык маданият үйү | маданият үйү | клуб |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- |
|  | I. Негизги персонал |  |  |  |  |
| 1 | Директор (клуб башчысы) | 1 | 1 | 1 | 1 |
| 2 | Методист | 1 | 1 |  |  |
| 3 | Маданий-массалык иштер боюнча уюштуруучу | 1 | 1 | 1 | 1 |
| 4 | Режиссер-коюучу | 1 | 1 |  |  |
| 5 | Сүрөтчү-жасалгалоочу | 1 | 1 |  |  |
| 6 | Хормейстер | 1 | 1 |  |  |
| 7 | Музыкант | 1 | 1 |  |  |
| 8 | Хореограф | 1 | 1 |  |  |
| 9 | Көркөм жетекчи | 1 |  |  |  |
| 10 | Ийрим жетекчиси | 2 |  |  |  |
| 11 | Аккомпаниатор | 1 |  |  |  |
|  | Жыйынтыгы: | 12 | 8 | 2 | 2 |
|  | II. Кенже тейлөөчү персонал |  |  |  |  |
| 12 | Кароолчу, короо шыпыруучу, от жагуучу | 2 | 1 | 1 | 1 |
| 13 | Кызмат жайларын жана аймактарды тазалоочу | 1 | 1 |  |  |
|  | Жыйынтыгы: | 3 | 2 | 1 | 1 |
|  | Жалпы: | 15 | 10 | 3 | 3 |

Эскертүү: Атайын каражаттары бар маданият үйлөрүндө бул каражаттын эсебинен акы төлөнгөн кошумча кызматкерлер штаты белгиленүүсү мүмкүн. Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын "Жаштык" жаштар борборунун типтүү чектелген штаты пайдалануудагы штаттык сандын чегинде белгиленсин - 17 бирдик. Шаардык маданият сарайларынын типтүү чектелген штаттары пайдалануудагы түзүмдөгү бирдиктердин чегинде белгиленет."
