Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган, 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 27-январы №63 "Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган, 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган, 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары ушул Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган, 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган, 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протокол күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Катчылыгына билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган, 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган, 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишимдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү максатында киргизилет. Айрыкча 2010-жылдын 10-декабрындагы Протокол төмөнкүдөй тактоолорду карайт:
- алардын коопсуздугуна, аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендүүлүгүнө коркунучтарды жоюу максатында мүчө-мамлекеттерге жардам көрсөтүү боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашырууга тийиштүү 2-беренени;
- баскынчылык гана эмес, башка да куралдуу кол салуу учурунда андагы жамааттык аракеттер боюнча милдеттерди камтууну жайылтууга тийиштүү 4-беренени;
- 6-беренедеги мүчө-мамлекеттердин куралдуу күчтөрү гана эмес, жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрүн жана каражаттарын, тактап айтканда, алардын ичинде ички иштер органдарын, атайын кызматтарды, чек ара ведомстволорду, өзгөчө таасир берүү органдарды да 2- жана 4-беренелери менен каралган учурларда колдонууга тийиштүү.
Көрсөтүлгөн такталган толуктоолор, мүчө-мамлекеттердин бирөөнө баскынчылык болгон учурда (куралдуу кол салуу, коопсуздугуна, туруктуулугуна, аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендүүлүгүнө коркунуч келтирүү), калган бардык мүчө-мамлекеттер БУУнун Уставынын 51-беренесине ылайык ушул мүчө-мамлекеттин өтүнүчү боюнча жамааттык өзүн өзү коргоо укугун ишке ашыруу тартибинде тезинен алардын карамагында турган каражаттар (ошонун ичинде ички иштер органдарынын бөлүкчөлөрү, атайын кызматтардын, чек ара ведомстволорунун өзгөчө кырдаалдар органдарынын) менен аскердикти кошо, керектүү жардам көрсөтүшөт.
Кыргыз Республикасынын Коргоо Министри, генерал-майор
А.Кудайбердиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 7-июнундагы № 1989-V "Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге…Постановление · 07.06.2012 · № 1989-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 7-июнундагы № 1990-V "Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге…Постановление · 07.06.2012 · № 1990-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 7-июнундагы № 1991-V "Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге…Постановление · 07.06.2012 · № 1991-V
Шилтеме берет (4)
- Договор о коллективной безопасности (Ратифицирован постановлением Жогорку Кенеша КР от 18 декабря 1992 года № 1113-XII)Договор · 15.05.1992
- 2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо…Закон · 16.07.2012 · № 117
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон