Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери Жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 838 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 27-январы №62 "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери Жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2009-ж., № 7, 766-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 2-беренеде:
- бешинчи абзацындагы "14 жаштан 28 жашка чейинки курактагы" деген сандар жана сөздөр "14 жаштан 35 жашка чейинки курактагы" деген сандар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- алтынчы абзацындагы "28 жаш курагына жете элек" деген сандар жана сөздөр "35 жаш курагына жете элек" деген сандар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- жетинчи абзацындагы "28 жашка толо элек" деген сандар жана сөздөр "35 жашка толо элек" деген сандар жана сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам долбооруна негиздеме МААЛЫМКАТ
Азыркы учурда кыргыз коомчулугу базар экономикасынын, жарандык коомдун жана укуктук мамлекеттин негиздерин түзүү сыяктуу баардык жашоо чөйрөсүндө бир катар терең реформаларды башынан өткөрүп жатат. Кыргыз Республикасында болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн кеңирилиги жана тереңдиги коомчулуктун бардыгынын кызыкчылыктарын камтыган модернизациялык процесстерди күбөлөй алат. Ушуга байланыштуу бул реформалар калктын эң эле динамикалуу социалдык тобу - жаштардын абалына тийгизген таасирин карап көрүү зарыл, анткени дал ушул жаштар өзүлөрүнүн кызыкчылыктарындагы, көз караштарындагы, баалуулуктарындагы, маданиятындагы маанилүү өзгөрүүлөргө туш болуп жатышат. Жаш муундун ээлеген позициясынан, турпатынан коомдун бүтүндөй социалдык өнүгүүсү, энергиясы, дүйнө таанымы көз каранды, жаштардын адеп-ахлагы элдин келечек тагдырын аныктайт. Жаштар, азыркы учурда иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" Мыйзамына ылайык - Кыргыз Республикасынын 14 жаштан 28 жашка чейинки курактагы жарандары жана жарандыгы жок адамдар. Дүйнөлүк практикада жаш деп эсептелинген адамдарга тиешелүү курактык чек, ошол конкреттүү өлкөгө жараша айырмаланып турат. Эрежеге ылайык, жаштардын төмөнкү курактык чеги - 14-16ны, жогоркусу - 28-35ти түзөт. Бүгүнкү күндө окумуштуулар жаштарды коомдогу социалдашуу өзгөчөлүктөрү, маданий өнүгүүсү жана социалдык-экономикалык деңгээли менен аныкталышкан, тигил же бул социалдык-психологиялык касиеттери менен шартталып, социалдык абалынын өзгөчөлүктөрү жана мүнөздөмөлөрдүн негизги жыйындысы иретинде бөлүнүп турушкан коомдун социалдык-демографиялык тобу деп аныкташат. Социалдашуу - татаал, көп кырдуу процесс, ал кишини социалдык практикага кошуу, анын социалдык сапаттарга ээ болуусу, коомдук тажрыбаларды өздөштүрүүсү, практикалык ишмердүүлүктөгү аныкталган ролду аткарууда өзүн-өзү реализациялоону жана маданиятты түшүнө билүүсү. Кыргызстандын азыркы шартында инсандын социалдашуу процессинин өзү узарып жана татаалдашып кетти, жаштык курактын аяктоосунун негизги көрсөткүчү жана башкалар анын социалдык эрежеге жетүүсүнүн критерийи болуп калды, бул өлкөнүн узактан берки төмөнкү социалдык-экономикалык, маданий өнүгүүсүнө ылайык шартталууда. Ушуга байланыштуу биздин өлкөдөгү инсандык социалдашуунун толук процесси, башка постсовесттик өлкөлөрдөгүдөй эле 35 жашка чукул аяктайт. Жогоруда белгиленгендерге ылайык, "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын жаштарынын курактык категориясынын жогорку деңгээлин жогорулатууга тиешелүү бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жатат. Мындай оңдоолорду киргизүү, жаштардын категориясына, жаш үй-бүлөлөрдү - 35 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жарандарын, ушул категориядагы жарандардын басымдуу бөлүгү көтөрүп жаткан турак-жай жана башка социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшүү максатында кошуу зарылчылыгы менен түшүндүрүлөт. Ошону менен катар бул оңдоолорду киргизүүнүн өзөгүндө Кыргыз Республикасынын 2015-жылга чейинки жаштар саясатын жүзөгө ашыруунун мамлекеттик стратегиясынын долбоорун талкулоо учурларында айтылган өлкөнүн түрдүү аймактырындагы жаштардын өкүлдөрүнүн рекомендациялары жатат. Аталган мыйзам долбоорун коомдук талкуудан өткөрүү максатында Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылды.
Министр
А.Алымкулов
"Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМАЛУУ ТАБЛИЦА
| Колдонуудагы редакция | Сунуш кылынып жаткан редакция | Жыйынтык редакция |
|---|---|---|
| 2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат: активдүү жаштар - өздөрүнүн демилгелерин коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарында жүзөгө ашыруучу жаш жарандар (жаштар уюмдары); волонтердик иш-аракет - акчалай акы албастан ар кандай формада ыктыярдуу башталышта ишке ашырылуучу, коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктарды канааттандырууга багытталган коомдук пайдалуу эмгектин жеке жана юридикалык жактар тарабынан жүргүзүлүшү, анын жүрүшүндө алар билим, тажрыйба, көндүм топтой алат жана өз жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтө алат; мамлекеттик жаштар саясаты - жаштардын турмушта ийгиликтүү өз ордун табуусу, алардын дараметин мамлекеттин кызыкчылыктарында өнүктүрүү үчүн укуктук, экономикалык, социалдык, уюштуруучулук шарттарды түзүүгө багытталуучу, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүзөгө ашыруучу чаралардын системасы; жаш жарандар (жаштар) - Кыргыз Республикасынын 14 жаштан 28 жашка чейинки курактагы жарандары жана жарандыгы жок адамдар; жаш үй-бүлө - жубайлардын экөөсү тең, же болбосо бирөөсү 28 жаш курагына жете элек, никеге туруудан же болбосо тууганчылыктан улам келип чыгуучу белгиленген өз ара укуктар жана милдеттер менен байланышкан жаш жарандардын чөйрөсү; жаш адис - 28 жашка толо элек, адистиги боюнча эмгек стажы 3 жылдан ашпаган жаран; | 2-берене. Ушул Мыйзамда колдону- луучу негизги түшүнүктөр Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат: активдүү жаштар - өздөрүнүн демилгелерин коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарында жүзөгө ашыруучу жаш жарандар (жаштар уюмдары); волонтердик иш-аракет - акчалай акы албастан ар кандай формада ыктыярдуу башталышта ишке ашырылуучу, коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктарды канааттандырууга багытталган коомдук пайдалуу эмгектин жеке жана юридикалык жактар тарабынан жүргүзүлүшү, анын жүрүшүндө алар билим, тажрыйба, көндүм топтой алат жана өз жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтө алат; мамлекеттик жаштар саясаты - жаштардын турмушта ийгиликтүү өз ордун табуусу, алардын дараметин мамлекеттин кызыкчылыктарында өнүктүрүү үчүн укуктук, экономикалык, социалдык, уюштуруучулук шарттарды түзүүгө багытталуучу, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүзөгө ашыруучу чаралардын системасы; жаш жарандар (жаштар) - Кыргыз Республикасынын 14 ЖАШТАН 28 ЖАШКА ЧЕЙИНКИ КУРАКТАГЫ жарандары жана жарандыгы жок адамдар; жаш үй-бүлө - жубайлардын экөөсү тең же болбосо бирөөсү 28 ЖАШ КУРАГЫНА ЖЕТЕ ЭЛЕК, никеге туруудан же болбосо тууганчылыктан улам келип чыгуучу белгиленген өз ара укуктар жана милдеттер менен байланышкан жаш жарандардын чөйрөсү; жаш адис - 28 ЖАШКА ТОЛО ЭЛЕК, адистиги боюнча эмгек стажы 3 жылдан ашпаган жаран; | 2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат: активдүү жаштар - өздөрүнүн демилгелерин коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарында жүзөгө ашыруучу жаш жарандар (жаштар уюмдары); волонтердик иш-аракет - акчалай акы албастан ар кандай формада ыктыярдуу башталышта ишке ашырылуучу, коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктарды канааттандырууга багытталган коомдук пайдалуу эмгектин жеке жана юридикалык жактар тарабынан жүргүзүлүшү, анын жүрүшүндө алар билим, тажрыйба, көндүм топтой алат жана өз жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтө алат; мамлекеттик жаштар саясаты - жаштардын турмушта ийгиликтүү өз ордун табуусу, алардын дараметин мамлекеттин кызыкчылыктарында өнүктүрүү үчүн укуктук, экономикалык, социалдык, уюштуруучулук шарттарды түзүүгө багытталуучу, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүзөгө ашыруучу чаралардын системасы; жаш жарандар (жаштар) - Кыргыз Республикасынын 14 жаштан 35 жашка чейинки курактагы жарандары жана жарандыгы жок адамдар; жаш үй-бүлө - жубайлардын экөөсү тең же болбосо бирөөсү 35 жаш курагына жете элек, никеге туруудан же болбосо тууганчылыктан улам келип чыгуучу белгиленген өз ара укуктар жана милдеттер менен байланышкан жаш жарандардын чөйрөсү; жаш адис - 35 жашка толо элек, адистиги боюнча эмгек стажы 3 жылдан ашпаган жаран; |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 838 ""Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 18.12.2012 · № 838 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндөЗакон · 31.07.2009 · № 256 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 838 ""Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 18.12.2012 · № 838 · Күчүн жоготкон