Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-октябрындагы № 248 „Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде турган Мекемелердин контракттарын жана бюджеттик милдеттенмелерин каттоонун тартиби жөнүндө“ токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 26 февраля 2021 года № 60 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики в сфере бюджетного законодательства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-02-26.
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-февралындагы № 60 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 25-январы №51 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-октябрындагы № 248 "Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде турган Мекемелердин контракттарын жана бюджеттик милдеттенмелерин каттоонун тартиби жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде турган, бюджеттик мекемелердин Кыргыз Республикасынын резидент эместери менен келишимдерин (контракттарын) Казыначылык органдарында толук жана өз учурунда каттоо, ошондой эле мамлекеттик каражаттарды бөлүүдөн качуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-октябрындагы № 248 "Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде турган Мекемелердин контракттарын жана бюджеттик милдеттенмелерин каттоонун тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде турган мекемелердин контракттарын жана бюджеттик милдеттенмелерин каттоонун тартиби жөнүндө нускамада:
- 7-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кеңири сектордук мамиленин (SWAр) чегинде программаларды ишке ашырууга катышкан бюджеттик уюмдардан башка бюджеттик каражаттарды алуучуларга товарларды, жумуштарды жана кызматтарды берүү үчүн аккредитивди (б.а. күрөө суммасын) коюу милдеттүү шарттардын бири болгон жумуштар жана кызматтар товарларын берүүчүлөр менен келишимдерди (контракттарды) түзүүгө тыюу салынат.";
- 11-пункттун экинчи сүйлөмү алып салынсын;
- төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын резидент эместери менен товарларды, жумуштарды жана кызматтарды берүү келишимдери (контракттары) Казыначылык системасы аркылуу биринчи чыгаша операцияларын жүргүзгөнгө чейин тараптардын аларга кол коюусунун мөөнөттөрүнө карабастан Казыначылыктын органдарына каттоого берилүүгө тийиш.";
- 18-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Тийиштүү финансылык жылга бюджеттин долбоору бекитилбеген учурларда республикалык бюджетте турган бюджеттик мекемелер "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинде каралган параметрлердин чегинде акчалай (финансылык) жана башка бюджеттик милдеттенмелерди кабыл алууга жана Казыначылыктын органдарына каттоого берүүгө акылуу.";
- 19-пункт "көбөйтүү жагына" деген сөздөрдөн мурда "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинде каралган учурларды кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2021 жылдын 26 февралындагы № 60 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу…Постановление · 26.02.2021 · № 60
- Постановление Правительства КР от 18 октября 2010 года № 248 "О порядке регистрации контрактов и бюджетных обязательств учреждений, состоящих на республиканском бюджете…Постановление · 18.10.2010 · № 248 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2021 жылдын 26 февралындагы № 60 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу…Постановление · 26.02.2021 · № 60
- Постановление Правительства КР от 18 октября 2010 года № 248 "О порядке регистрации контрактов и бюджетных обязательств учреждений, состоящих на республиканском бюджете…Постановление · 18.10.2010 · № 248 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон