Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-02-21.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 21-январы №46 "Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-берене) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
1. 66-3-берененин экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен онго чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга же беш суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камак салууга алып келет.".
2. 564-берененин 1-пункту "майда бейбаштык" деген сөздөрдөн кийин үй-бүлөлүк зомбулук" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 565-берененин 3-бөлүгү "майда бейбаштык" деген сөздөрдөн кийин ", үй-бүлөлүк зомбулук" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ
Жарандарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоонун укуктук кепилдиктерин мындан ары бекемдөө, ошондой эле ички иштер органдарынын үй-бүлөлүк зомбулукту токтотууда жана алдын алууда ыйгарым укуктарын бекемдөө максатында, Ички иштер министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын "Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыккан. Бул мыйзам долбоору ички иштер органдарынын кызматкерлерине үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу жана алдын алуу боюнча милдеттерин кыйла сапаттуу аткарууга мүмкүнчүлүк берет жана жарандарга үй-бүлөдөгү зомбулуктан коргонуу үчүн натыйжалуу иш-чараларды сунуштайт. Сунушталып жаткан инновациялар кошумча каржылоону жана жумуш жамаатын кеңейтүүнү талап кылбайт. Кыргыз Республикасынын АЖжКга "Үй-бүлөлүк зомбулук" деген түшүнүктү киргизүүгө чейин, үй-бүлөлүк чөйрөдөгү укук бузуулар Кыргыз Республикасынын АЖжКнын "Майда бейбаштык" деген 364-беренеси менен жөнгө салынчу, анын санкциясында эсептешүү көрсөткүчтөрүндө үчтөн бешке чейинки административдик айып салуу же он беш суткага чейинки мөөнөткө административдик камакка алуу каралган. Азыркы учурда үй-бүлөлүк зомбулук АЖжКнын "Үй-бүлөлүк зомбулук" деген 66-3-беренеси менен жөнгө салынып, анда эсептик көрсөткүчтөрдө бештен онго чейинки айып салуу түрүндөгү жаза каралган. Кыргыз Республикасынын "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук жактан коргоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык, ички иштер органдары үй-бүлөлүк зомбулук кылган адамдарга убактылуу коргоо ордерлерин берет жана коргоо соттук ордерлерин берүү үчүн материалдарды даярдайт. 2008-2009-жылы үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө мыйзамдын ички иштер органдары тарабынан аткарылышы талдангандан кийин, үй-бүлөлүк зомбулук үчүн айып салуу, көпчүлүк учурларда, натыйжасыз административдик таасир этүү чарасы экендиги айкын болгон. Материалдык ресурстары чектелген үй-бүлөлөр үчүн, айып салуу чарасы үй-бүлөлүк бюджетке кошумча оордук келтирет: адатта, мындай үй-бүлөлөрдө зомбулуктун күнөөкөрү туруктуу эмгек акы албайт, ал эми үй-бүлөлүк бюджетти, негизинен, жабыр тарткан адамдардын бааракылары, жөлөкпулдары жана кирешелери түзөт, демек, жабыр тарткандар салынган айыпты төлөөгө аргасыз болушат. Соттук тажрыйбанын материалдарын талдоо иши айгинелегендей, 2009-жылы Кыргыз Республикасынын АЖжКнын "Үй-бүлөлүк зомбулук" 66-3-беренеси боюнча, бардык соттук чечимдерде мүмкүн болушунча эң төмөн айып белгиленген, баса белгилей кетүүчү нерсе, талдоо жүрүп жаткан учурда салынган айыптардын жарымы алигиче төлөнө элек болгон. Колунда жок үй-бүлөлөрдөн айыпты төлөтүү өтө машакаттуу иш, ага сот аткаруучуларынан тышкары ички иштер органдарынын кызматкерлери да кийлигишүүгө мажбур болушат. Сунушталган мыйзам долбоорунда үй-бүлөлүк зомбулук үчүн айып гана эмес, административдик камакка алуу мүмкүнчүлүгү да каралган, бул кээ бир учурларда бир кыйла натыйжалуу чара болушу мүмкүн. Административдик камакка алуу, материалдык абалына карабастан, бардык үй-бүлөлөр үчүн натыйжалуу чара болуп, үй-бүлөлүк зомбулуктун күнөөкөрү үчүн дагы, башка адамдар үчүн дагы жаңы административдик укук бузуулардын жасалбашы жөнүндө жакшы эскертүү болот. Үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча чакырууларга барган милициянын ишин талдоонун натыйжасында, 10 үй-бүлөлүк зомбулуктун күнөөкөрүнүн ичинен 9 ичкилик ичип жана баңги затка мас болуп чыр салышкандыгы айкын болгон. Адатта, зомбулуктун күнөөкөрлөрүнүн албууттангандыгы эң жогорку чегине жетет, ошондуктан аларга мындан дагы оор кылмыштарды жасаганга, анын ичинде киши өлтүргөнгө жол бербөө үчүн, зомбулуктун күнөөкөрүн үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнөн бөлүп, окчун кармаш керек. Бирок, бүгүнкү күнү милиция органдарынын коомго коркунуч келтирген ушундай адамдарды убактылуу кармоо үчүн ыйгарым укуктары жок, андыктан, милициянын үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу жана алдын алуу боюнча иш-аракеттеринин натыйжалуулугун кескин мүнөздө төмөндөтөт. Сунушталган мыйзам долбоору ички иштер органдарына үй-бүлөлүк зомбулук кылган адамдарды убактылуу кармоо жана аларды үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнөн бөлүп коюу үчүн укуктук мүмкүнчүлүк берет. Жогоруда айтылгандын негизинде, "Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун кабыл алынышы максатка ылайыктуу болот деп эсептейбиз, бул жарандарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоонун укуктук кепилдиктерин жогорулатууга, милициянын үй-бүлөлүк зомбулукту болтурбоо жана алдын алуу боюнча иш-милдеттеринин аткарылышынын сапатын жакшыртууга, жарандардын үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча милицияга көбүрөөк кайрылууга, коргоо ордерлеринин статусун жогорулатууга, ошондой эле жергиликтүү бюджеттин кирешелүүлүгүн үй-бүлөлүк зомбулуктун күнөөкөрлөрүнүн эмгегинин эсебинен жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. "Кыргыз Республикасынын ченемдик-укук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, ушул мыйзам долбоорун жалпы талкууга алуу үчүн, 21.04.2011-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтында жарыяланган. Талкуунун жүрүшүндө эч кандай эскертүүлөр жана сунуштар келип түшкөн эмес.
Министр
З.Рысалиев
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| № | Колдонуудагы редакция | Сунуш кылынуучу толуктоолор менен редакциясы |
|---|---|---|
| 1 | 66-3-статья. Үй-бүлөдөгү зомбулук Үй-бүлөдөгү зомбулук - үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн башка мүчөсүнө (кара күч, психикалык, сексуалдык) ар кандай атайылап жасаган каршы аракеттери, эгерде мындай аракеттер үй-бүлө мүчөсүнүн конституциялык жана башка укуктары менен эркиндиктерин кысымга алса, саламаттыгына жеңил зыян келтирсе, дене боюн же психикасын жабыркатса, жаш курагына жана жынысына карабастан үй-бүлө мүчөсүнүн дене бой жана психикалык жагынан өнүгүшүнө зыян келтирсе, жана бул аракеттер үчүн жазык жоопкерчилиги каралган квалифицирленүүчү белгилер болбосо, - эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен онго чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. | 66-3-статья. Үй-бүлөдөгү зомбулук Үй-бүлөдөгү зомбулук - үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн башка мүчөсүнө (кара күч, психикалык, сексуалдык) ар кандай атайылап жасаган каршы аракеттери, эгерде мындай аракеттер үй-бүлө мүчөсүнүн конституциялык жана башка укуктары менен эркиндиктерин кысымга алса, саламаттыгына жеңил зыян келтирсе, дене боюн же психикасын жабыркатса, жаш курагына жана жынысына карабастан үй-бүлө мүчөсүнүн дене бой жана психикалык жагынан өнүгүшүнө зыян келтирсе, жана бул аракеттер үчүн жазык жоопкерчилиги каралган квалифицирленүүчү белгилер болбосо, - бештен онго чейинки эсептешүү көрсөткүчтөрүндөгү администрациялык айып салууга же беш суткага чейинки администрациялык арест салуу менен катар убактылуу коргоо ордерин берүүгө алып келет. |
| 2 | 564-статья. Администрациялык кармоону жүзөгө ашырууга укук берилген органдар Администрациялык укук бузган адамды администрациялык кармоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан андайга ыйгарым укук берилген органдар (кызмат адамдары), айтканда: 1) майда бейбаштык жасалганда, чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн жана демонстрацияларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн, ишине тыюу салынган бирикмелерди түзүүнүн тартиби бузулганда, ага активдүү катышканда, өзгөчө абал шарттарында белгиленген талаптар бузулганда, милициянын кызматкерлеринин, коомдук тартипти камсыз кылуу жана кылмыштуулукка капшы күрөшүү боюнча кызматтык милдеттерин же коомдук парзын аткарып жүргөн адамдардын мыйзамдуу буйругуна жана талаптарына кыянаттык менен баш ийбегенде, товарларды жана башка буюмдарды мыйзамсыз сатканда, спирт ичимдиктерин коомдук орундарда ичкенде же адамдык ар-намысты жана коомдук адеп-аклакты мазактаган мас абалда коомдук орундарда көрүнгөндө, жол кыймылынын эрежелерин, аңчылык эрежелерин бузганда ички иштер органдары; 2) салык мыйзамдары бузулганда - салык кызматынын же финансы полициясынын кызмат адамдары; 3) бажы органдарынын ишине шек келтирген администрациялык укук бузууларга жол берилгенде - бажы органынын кызмат адамдары; 4) балык коргоо, токой чарба жана аңчылык инспекциясынын кызмат адамдары; 5) корголуучу объекттерге, башка мамлекеттик же коомдук мүлккө кол салуу менен байланышкан укук бузуулар жасалганда - аскерлештирилген күзөттүн кызмат адамдары; 6) техникалык каражаттар (автомототранспорттон тышкары) тарабынан жол кыймылынын эрежелери бузулганда - Башкы мамлекеттик техникалык инспекциянын кызмат адамдары; 7) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн транспорт каражаттарын башкарган айдоочулар же башка адамдар тарабынан жол кыймылынын эрежелери бузулганда - аскердик автомобиль инспекциясынын кызмат адамдары; 8) чек аралык режим же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүчү пункттардагы режим бузулганда - чек ара аскерлери; 9) суу жана аба кемелеринин капитандары, - тарабынан гана жүргүзүлүшү мүмкүн. | 564-статья. Администрациялык кармоону жүзөгө ашырууга укук берилген органдар Администрациялык укук бузган адамды администрациялык кармоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан андайга ыйгарым укук берилген органдар (кызмат адамдары), атап айтканда: 1) майда бейбаштык, үй-бүлөдө зомбулук жасалганда, чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн жана демонстрацияларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн, ишине тыюу салынган бирикмелерди түзүүнүн тартиби бузулганда, ага активдүү катышканда, өзгөчө абал шарттарында белгиленген талаптар бузулганда, милициянын кызматкерлеринин, коомдук тартипти камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтык милдеттерин же коомдук парзын аткарып жүргөн адамдардын мыйзамдуу буйругуна жана талаптарына кыянаттык менен баш ийбегенде, товарларды жана башка буюмдарды мыйзамсыз сатканда, спирт ичимдиктерин коомдук орундарда ичкенде же адамдык ар-намысты жана коомдук адеп-аклакты мазактаган мас абалда коомдук орундарда көрүнгөндө, жол кыймылынын эрежелерин, аңчылык эрежелерин бузганда ички иштер органдары; 2) салык мыйзамдары бузулганда - салык кызматынын же финансы полициясынын кызмат адамдары; 3) бажы органдарынын ишине шек келтирген администрациялык укук бузууларга жол берилгенде - бажы органынын кызмат адамдары; 4) балык коргоо, токой чарба жана аңчылык инспекциясынын кызмат адамдары; 5) корголуучу объекттерге, башка мамлекеттик же коомдук мүлккө кол салуу менен байланышкан укук бузуулар жасалганда - аскерлештирилген күзөттүн кызмат адамдары; 6) техникалык каражаттар (автомототранспорттон тышкары) тарабынан жол кыймылынын эрежелери бузулганда - Башкы мамлекеттик техникалык инспекциянын кызмат адамдары; 7) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн транспорт каражаттарын башкарган айдоочулар же башка адамдар тарабынан жол кыймылынын эрежелери бузулганда - аскердик автомобиль инспекциясынын кызмат адамдары; 8) чек аралык режим же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүчү пункттардагы режим бузулганда - чек ара аскерлери; 9) суу жана аба кемелеринин капитандары, - тарабынан гана жүргүзүлүшү мүмкүн. |
| 3 | 565-статья. Администрациялык кармоонун мөөнөттөрү Администрациялык укук бузган адамды администрациялык кармоонун мөөнөтү үч сааттан ашпоого тийиш. Адаттан сырткары учурларда белгилүү бир жашаган жери жок адамдарга карата өзгөчө зарылдыкка байланыштуу соттун чечими боюнча кабыл алып бөлүштүргүчтөрдө кармоо аркылуу администрациялык кармоонун он беш суткага чейинки, ал эми андай жайлар учурда убактылуу изолятордо кармоонун он суткага чейинки башка мөөнөттөрү белгилениши мүмкүн. Чек ара режимин же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузган адамдар протокол түзүү үчүн үч саатка чейинки мөөнөткө, ал эми зарыл учурларда, эгерде укук бузуучулардын өздөрүнүн инсанын ырастоочу документтери жок болсо, инсандын аныгына жетүү жана укук бузуунун жагдайларын тактоо үчүн кармалган учурдан тартып бул жөнүндө жыйырма төрт сааттын ичинде прокурорго кат түрүндө билдирүү менен үч саатка чейинки мөөнөткө кармалышы мүмкүн. Майда бейбаштык, ишине тыюу салынган бирикмелерди түзүүнү жана аларга активдүү катышуучу, өзгөчө абалдын шарттарында белгиленген талаптарды бузууну жасаган адамдар судья же ички иштер органдарынын башчысы (башчысынын орун басары) тарабынан иш каралганга чейин бул жөнүндө прокурорго кармалган учурдан тартып 24 сааттын ичинде кат түрүндө билдирүү менен 72 саатка чейин кармалышы мүмкүн. | 565-статья. Администрациялык кармоонун мөөнөттөрү Администрациялык укук бузган адамды администрациялык кармоонун мөөнөтү үч сааттан ашпоого тийиш. Адаттан сырткары учурларда белгилүү бир жашаган жери жок адамдарга карата өзгөчө зарылдыкка байланыштуу соттун чечими боюнча кабыл алып бөлүштүргүчтөрдө кармоо аркылуу администрациялык кармоонун он беш суткага чейинки, ал эми андай жайлар учурда убактылуу изолятордо кармоонун он суткага чейинки башка мөөнөттөрү белгилениши мүмкүн. Чек ара режимин же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузган адамдар протокол түзүү үчүн үч саатка чейинки мөөнөткө, ал эми зарыл учурларда, эгерде укук бузуучулардын өздөрүнүн инсанын ырастоочу документтери жок болсо, инсандын аныгына жетүү жана укук бузуунун жагдайларын тактоо үчүн кармалган учурдан тартып бул жөнүндө жыйырма төрт сааттын ичинде прокурорго кат түрүндө билдирүү менен үч саатка чейинки мөөнөткө кармалышы мүмкүн. Майда бейбаштык, ҮЙ-БҮЛӨДӨ ЗОМБУЛУК ишине тыюу салынган бирикмелерди түзүүнү жана аларга активдүү катышуучу, өзгөчө абалдын шарттарында белгиленген талаптарды бузууну жасаган адамдар судья же ички иштер органдарынын башчысы (башчысынын орун басары) тарабынан иш каралганга чейин бул жөнүндө прокурорго кармалган учурдан тартып 24 сааттын ичинде кат түрүндө билдирүү менен 72 саатка чейин кармалышы мүмкүн. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 12-апрелиндеги № 1832-V "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү тууралуу"…Постановление · 12.04.2012 · № 1832-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 14-июнундагы № 2030-V "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 14.06.2012 · № 2030-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 28-июнундагы № 2164-V "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 28.06.2012 · № 2164-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндөЗакон · 25.03.2003 · № 62 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон