# КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-январындагы №44 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-январындагы №44 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 20.01.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93408>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15396/edition/939719/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93408.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-январындагы №44 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (15.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93408

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 20-январы №44 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Мамлекеттик алымдын өлчөмдөрүн жөнгө салуу механизмин өркүндөтүү жана кыймылсыз мүлктү ажыратуу келишимдерин тариздөө боюнча нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүдө жарандардын жана юридикалык жактардын сарптоолорун азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген мамлекеттик алымдардын өлчөмдөрүндө: 3-пунктунда:

- "а" пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:

| а) кыймылсыз мүлккө менчик укугуна өтүү предмети болуп эсептелүүчү келишимдерди күбөлөндүрүү үчүн: |  |
| --- | --- |
| эгерде бүтүмдүн тарабы балдар, ата-энелер, жубайлар, бир туугандар, чоң энелер, чоң аталар, неберелер болсо | 1000 сом |
| эгерде бүтүмдүн тараптары башка жеке адамдар болсо | 2000 сом |
| эгерде бүтүмдүн тарабынын бири юридикалык жак болсо | 5000 сом |

- "б" жана "в" пунктчалары күчүн жоготту деп табылсын;

- "г" пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:

| г) башка келишимдерди күбөлөндүрүү үчүн: |  |
| --- | --- |
| эгерде бүтүмдүн тарабы балдар, ата-энелер, жубайлар, бир туугандар, чоң энелер, чоң аталар, неберелер болсо | 300 сом |
| эгерде бүтүмдүн тараптары башка жеке адамдар болсо | 500 сом |
| эгерде бүтүмдүн тарабынын бири юридикалык жак болсо | 1000 сом |

- "д" пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын;

- "л" пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:

| л) мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берилгендиги үчүн: |  |
| --- | --- |
| балдарга, ата-энелерге, жубайларга | 1000 сом |
| бир туугандарга, чоң энелерге, чоң аталарга, неберелерге | 2000 сом |
| башка мураскерлерге | 5000 сом |

- "о" пунктчасы "жазуу жүзүндө которуу" деген сөздөрдөн мурда "нотариус тарабынан документти" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ө.Бабанов
