# КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-январындагы №41 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-мартындагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-январындагы №41 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-мартындагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 20.01.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.01.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93405>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15393/edition/396510/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93405.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-январындагы №41 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-мартындагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (20.01.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93405

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 20-январы №41 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-мартындагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-мартындагы №116 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын маселелери" жөнүндө токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы жөнүндө жободо:

- 5-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

"- оперативдүү-иликтөө, оперативдүү-издөө иштерин жана сотко чейинки өндүрүштү, анын ичинде уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жана күрөшүүнүн алкагында ишке ашырат;".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ө.Бабанов
