# КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы №34 "Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы №34 "Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93398>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15386/edition/1158014/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93398.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы №34 "Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (12.01.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93398

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 12-январы №34 "Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилсин.

3. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2009-ж., № 725, 14-берене) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 1-бөлүктөгү 14-берененин: экинчи абзацындагы "2012" деген сандар "2017" деген сандарга алмаштырылсын; үчүнчү абзацындагы "2013" деген сандар "2018" деген сандарга алмаштырылсын; төртүнчү абзацындагы "2014" деген сандар "2019" деген сандарга алмаштырылсын.

2-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

"Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтомунун долбоору жана "Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү" боюнча Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна НЕГИЗДЕМЕ-ТАКТАМА

Ушул токтомдун жана мыйзамдын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык иштелип чыкты. "Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жергиликтүү сотторго сот арачылар институтун киргизүү шарты каралып, кийинки тартипте көрсөтүлгөн:

- Кыргыз Республикасынын Бишкек шаары жана Ош областы үчүн 2012-жылдын 1-январынан баштап;

- Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Чүй жана Ысык-Көл областтары үчүн 2013-жылдын 1-январынан баштап;

- Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын жана Талас областтары жана Аскердик соту үчүн - 2014-жылдын 1-январынан баштап киргизилген.

Бирок азыркы күндө, бир дагы жергиликтүү соттордун имараттары соттук отурумдарында сот арачылардын катышуусу менен жүргүзүүгө ылайыкташтырылган эмес. Азыркы учурда сот системасы республикалык бюджеттен жетиштүү каржыланбагандыктан, ошондой эле материалдык-техникалык жана уюштуруучулук жактары чечилбегендиктен, "Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууга мүмкүн эмес, анткени бюджеттик ресурстар өтө эле чектелүү жана 2011-2013-жылдарга республикалык бюджетте чоң дефицит болгондуктан, 2011-жылдын 1-жарым жылдыгында бюджетте каралган чыгаша беренелери ачылган эмес: 3111-берене "Имарат жана курулуштар" - 4800,0 миң сом; 3112-берене "Автоунаа жана жабдуулар" - 2640,0 миң сом. Каржылоо ачылбагандыктан, жаңы курулуштар үчүн жер бөлүнүп берүүнүн маселеси чечилбегендиктен, болгон имараттарды жасалмалап өзгөртүүгө мүмкүнчүлүктүн жоктугу жана убакыттын жетишпегендигинен, "Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу убакытын узартуу зарылчылыгы келип чыгууда.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин деректири

А.Таджибаев

САЛЫШТЫРМАЛУУ ТАБЛИЦАСЫ Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө

| № | Статья | Колдонулуп жаткан норма | Сунушталып жаткан өзгөртүү | Жыйынтыктоочу акыркы вариант |
| --- | --- | --- | --- | --- |
| 1 | 14 бер. 1 пун. 2, 3, 4 абз- тары | - Кыргыз Республикасынын Бишкек шаары жана Ош областтары үчүн 2012-жылдын 1-январынан баштап; - Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Чүй жана Ысык-Көл областтары үчүн 2013-жылдын 1-январынан баштап; - Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын жана Талас областтары жана Аскердик соту үчүн - 2014-жылдын 1-январынан баштап. | - Кыргыз Республикасынын Бишкек шаары жана Ош областтары үчүн 2017-жылдын 1-январынан баштап; - Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Чүй жана Ысык-Көл областтары үчүн 2018-жылдын 1-январынан баштап; - Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын жана Талас областтары жана Аскердик соту үчүн - 2019-жылдын 1-январынан баштап. | - Кыргыз Республикасынын Бишкек шаары жана Ош областтары үчүн 2017-жылдын 1-январынан баштап; - Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Чүй жана Ысык-Көл областтары үчүн 2018-жылдын 1-январынан баштап; - Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын жана Талас областтары жана Аскердик соту үчүн - 2019-жылдын 1-январынан баштап. |

Деректир

А.Таджибаев
