# Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 33 "Кыргыз Республикасында соттук-медициналык экспертизаны уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 33 "Кыргыз Республикасында соттук-медициналык экспертизаны уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.01.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93397>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15385/edition/396111/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93397.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 33 "Кыргыз Республикасында соттук-медициналык экспертизаны уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө" токтому (12.01.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93397

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 12-январы № 33 Кыргыз Республикасында соттук-медициналык экспертизаны уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө

«Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөндөгүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасында соттук-медициналык экспертиза өткөрүү эрежелери;

- Ден соолукка келтирилген зыяндын оордугун соттук-медициналык аныктоо эрежелери;

- Ден соолукка келтирилген зыяндын оордугун соттук-медициналык аныктоо эрежелерин колдонуу нускамасы;

- «Соттук медицина тармагындагы дарыгер-адистин өлүктү табылган (окуя болгон) жеринде тышкы кароо эрежелери»;

- «Өлүктү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү эрежелери»;

- «Жазык жана жарандык иштердин материалдары боюнча соттук-медициналык экспертиза өткөрүү эрежелери»;

- «Буюмдук далилдерге соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү жана соттук-медициналык экспертиза борборунун лабораторияларынын соттук-биологиялык бөлүмдөрүндө туугандыгын аныктоо эрежелери»;

- «Соттук-медициналык экспертиза борборунун лабораторияларынын соттук-химиялык бөлүмдөрүндө буюмдук далилдердин экспертизасын өткөрүү эрежелери»;

- «Соттук-медициналык экспертиза борборунун гистологиялык бөлүмдөрүндө соттук-медициналык экспертиза өткөрүү эрежелери»

- «Соттук-медициналык экспертиза борборунун медициналык-криминалисттик бөлүмдөрүнүн лабораторияларында соттук-медициналык экспертиза өткөрүү эрежелери»;

- «Соттук-медициналык акушердик-гинекологиялык экспертиза өткөрүү эрежелери»;

- «Эркектердин жыныстык абалына соттук-медициналык экспертиза өткөрүү эрежелери»;

- Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин соттук-эксперттик мекемелеринде комплекстүү медициналык-криминалисттик жана медициналык-автотехникалык экспертизаларды уюштуруу эрежелери.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомдон улам келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди 2011-жылга Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине республикалык бюджетте каралган каражаттын чегинде бир айлык мөөнөттө чечсин.

3. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2012-жылдын 20-январындагы № 04 (2154) саны менен жарыяланды

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Ө.Бабанов
