# КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы №31 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы №31 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.01.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93395>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15383/edition/395694/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93395.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы №31 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (12.01.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93395

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 12-январы №31 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Тамак-аштын сапатын жакшыртуу жана микроэлементтердин жана витаминдердин тартыштыгы менен шартталган, Кыргыз Республикасынын калкынын ооруп калуу деңгээлин азайтуу боюнча чараларды көрүү жаатындагы иш-аракетти координациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пункту төмөнкү мазмундагы сегизинчи-тогузунчу абзацтар менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнүн башчысы;"; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Азык-түлүк коопсуздугу кеңеши жөнүндө жободо:

- 1.1-пункту "жабдууну камсыз кылууга" деген сөздөрдөн кийин жана "тамак-аштын сапатын жакшыртуу боюнча чараларга" деген сөздөр менен толукталсын;

- 2.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

"2.1. Кеңештин максаттары аткаруу бийлиги органдары тарабынан координацияланган жана оперативдүү чечимдерди кабыл алуу аркылуу тамак-аш азыктарына физиологиялык керектөөлөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын жарандарын азык-түлүк менен туруктуу жана үзгүлтүксүз жабдууну камсыз кылуу болуп саналат.";

- 2.2-пунктунда:

а) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:

"а) Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугунун стратегиялык багыттары жана азык-түлүк товарларынын сапатын жана коопсуздугун жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;";

б) пунктчасы төмөнкү мазмундагы тогузунчу-он биринчи абзацтар менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын калкынын тамак-аш түзүмүндө микроэлементтердин жана витаминдердин жетишсиздигине байланышкан ден соолуктун бузулушунун алдын алуу жана дарылоо максатында иш-чараларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;

- зарыл маалыматтарга талдоо жүргүзүү жана аткарылган иш-чаралардын натыйжаларын колдонуу;

- азык-түлүк товарларынын сапатын жана коопсуздугун жакшыртуу боюнча көрүлгөн чараларды ишке ашырууну камсыз кылуу;";

3.1-пункт:

төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасында азык-түлүк товарларынын сапатын жана коопсуздугун жакшыртуу;"; төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: "- тамак-аштын сапатын жакшыртуу боюнча программаларды ишке ашыруу үчүн инвестицияларды тартуу маселелерин координациялоого;";

- 4.1-пунктта:

төртүнчү абзац "азык-түлүк коопсуздугунун маселелери боюнча документтердин долбоорлорун даярдоо" деген сөздөрдөн кийин "жана тамак-аштын сапатын жакшыртуу" деген сөздөр менен толукталсын; бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: "- Кеңештин ишине, анын ичинде тамак-аш азыктарын фортификациялоо программаларын ишке ашырууга эксперттик баалоо жүргүзүү үчүн аткаруу бийлик органдарынын, ишкердик субъекттеринин жетекчилерин, илимий жана билим берүү мекемелеринин, коомдук бирикмелердин, өкмөттүк эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрүн тартууга;".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ө.Бабанов
