Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» жана «Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 14 сентября 2015 года № 632 "Об отзыве проектов законов Кыргызской Республики "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об органах национальной безопасности Кыргызской Республики" и "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-09-14.
КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 14-сентябры № 632 токтомуна ылайык кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 12-январы №20 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" жана "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" жана "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1994-ж., № 3, 78-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 15-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын: "2-1. Уюшкан кылмыштуулукка каршы чара көрүү чөйрөсүндө маалыматтарды топтоо, сактоо, жалпылоо жана талдоо максатында тийиштүү эсептерди жүргүзүшөт.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 12, 554-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 2-беренесинин тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- операциялык-иликтөө ишин жүргүзүү, аны жүргүзүүчү органдарга кылмыштардын бетин ачууга жана алдын алууга көмөктөшүү, ошондой эле уюшкан кылмыштуулукка каршы чара көрүү чөйрөсүндө маалыматтарды топтоо, сактоо, жалпылоо жана талдоо максатында тийиштүү эсептерди жүргүзүү;".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын "Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамдын долбооруна МААЛЫМАТ КАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Ушул жылдын 22-июлунда уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттерге карата мамлекеттик саясаттын укуктук-уюштуруучулук негизин аныктоого багытталган "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Мыйзамга кол коюлган. Ушул көрсөтүлгөн Мыйзамдын 19-беренесинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды даярдасын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин, ошондой эле өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ылайык келтирсин. Ушуга байланыштуу Мыйзамдын жобосун окуп чыгып, кээ бир мыйзамдардын, анын ичинен "Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Мыйзамдын жоболорун жана "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндөгү" Мыйзамды ишке ашыруу максатында толуктоолорду киргизүү зарылчылыгы келип чыкты. "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Мыйзамдын 5-беренесине ылайык улуттук коопсуздук органдары уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет кылуучу орган катары аныкталды. Ошону менен бирге, көрсөтүлгөн Мыйзамдын 8-беренесине ылайык уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет чөйрөсүндөгү маалыматтарды топтоо, сактоо, жалпылоо жана талдоо максаттарында уюшкан кылмыштуулукка каршы аракетти жүзөгө ашыруучу органдар тийиштүү эсеп жүргүзөт. Жогорудагы көрсөтүлгөндөрдү эске алуу менен, Юстиция министрлиги тарабынан "Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Мыйзамга милдеттүү түрдө айтылган жоболорго толуктоо камтыган Мыйзамдын ушул долбоорун иштеп чыкты. Ошондой эле, бул долбоорду кабыл алуу кошумча каржылоону талап кылбайт.
Юстиция министри
А.Мухамеджанов
Кыргыз Республикасынын "Кылмыш-аткаруу (пенитенциардык) системасынын органдары жана бирикмелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамдын долбооруна МААЛЫМАТ КАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Ушул жылдын 22-июлунда уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттерге карата мамлекеттик саясаттын укуктук-уюштуруучулук негизин аныктоого багытталган "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Мыйзамга кол коюлган. Ушул көрсөтүлгөн Мыйзамдын 19-беренесинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды даярдасын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин, ошондой эле өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ылайык келтирсин. Ушуга байланыштуу Мыйзамдын жобосун окуп чыгып, кээ бир мыйзамдардып, анын ичинен "Кылмыш-аткаруу (пентенциардык) системасынын органдары жана бирикмелери жөнүндө" Мыйзамдын жоболорун жана "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндөгү" Мыйзамды ишке ашыруу максатында толуктоолорду киргизүү зарылчылыгы келип чыкты. "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Мыйзамдын 5-беренесине ылайык улуттук коопсуздук органдары уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет кылуучу орган катары аныкталды. Ошону менен бирге, көрсөтүлгөн Мыйзамдын 8-беренесине ылайык уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет чөйрөсүндөгү маалыматтарды топтоо, сактоо, жалпылоо жана талдоо максаттарында уюшкан кылмыштуулукка каршы аракетти жүзөгө ашыруучу органдар тийиштүү эсеп жүргүзөт. Жогорудагы көрсөтүлгөндөрдү эске алуу менен, Юстиция министрлиги ушул долбоорун иштеп чыкты. Ошондой эле, бул долбоорду кабыл алуу кошумча каржылоону талап кылбайт.
Юстиция министри
А.Мухамеджанов
"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
| Колдонуудагы редакция | Сунуш кылынган редакция |
|---|---|
| 15-статья. Улуттук коопсуздук органдарынын милдеттери Улуттук коопсуздук органдары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгында: 1. Чалгындоо жана каршы чалгындоо иштерин, экстремисттик ишке каршы аракеттерди жүзөгө ашырышат; чет өлкөлүк мамлекеттердин атайын кызматтарынын жана уюмдарынын чалгындоо-бүлүндүрүүчүлүк иштерине, терроризмге, коррупцияга, контрабандага жана наркобизнеске каршы күрөшүүнү жүргүзүшөт, Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн, суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн мыйзамга каршы кол салуудан коргоого катышат. 2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча улуттук коопсуздук органдарынын тергөө укугуна кирген кылмыштарды табуу, алдын алуу жана тыюу салуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырышат; кылмыш кылган же кылмыш кылууга шектүү адамдарга карата оперативдүү-техникалык жана башка каражаттарды колдонуу менен оперативдүү-иликтөө, алгачкы текшерүү жана алдын ала тергөө жүргүзүү иштерин жүзөгө ашырышат; бул адамдардын эсебин жүргүзөт. 3. Мамлекеттик сырды коргоо системасын уюштурат, компетенттүү бийлик органдарынын суроо талаптары боюнча жашыруун маалыматтарды алууга жол берүү жөнүндөгү маселенин белгиленген тартипте чечилгендигине байланыштуу айрым адамдар жөнүндө маалымат берет, маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга катышат. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тизмеге ылайык, коргоо өнөр жай объекттерин, транспортту, байланышты, финансы-кредиттик системаны жана стратегиялык объекттеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга катышат жана жүзөгө ашырат; темир жол жана аба транспортунда атайын жүк ташуулардын коопсуздугун камсыз кылууга катышат. 5. Илим-изилдөө уюмдары менен бирдикте улуттук коопсуздук кызыкчылыгына тиешелүү коомдук процесстер менен проблемаларды изилдөөнү жана прогноздоону жүргүзөт; чалгындоонун жана каршы чалгындоонун талаптарын канааттандыруу максатында маалымат-аналитикалык иштерди жүргүзөт; автоматташтырылган маалымат-аналитикалык системаларды иштеп чыгууну, өндүрүштөн чыгарууну жана пайдаланууну жүзөгө ашырат. 6. Стратегиялык объекттерде жана аскер объекттеринде массалык тополоң жана улуттар аралык чырларды, өзгөчө окуяларды алдын алуу, тыюу жана чектөө иштерине катышат. 7. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоодо чек ара аскерлерине көмөк көрсөтүшөт. 8. Согуш мезгилинде Кыргыз Республикасынын башкаруу жайларынын иштөөгө даярдыгын камсыз кылуу боюнча өз компетенциясына жараша чараларды иштеп чыгат, өздөрүнүн мобилизациялык даярдыгын уюштурушат жана камсыз кылат. 9. Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан ички аскердин, башка аскердик түзүлүштөрдүн жана объекттердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат. 10. Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүүчү маанилүү мамлекеттик жана коомдук-саясий иштердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча оперативдүү чараларды жүзөгө ашырат; республикада жүргөн убагында башка мамлекеттердин мамлекеттик жана коомдук ишмерлерин, ошондой эле ички иштер органдары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары аккредиттелген айрым чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү коргоого катышат. 11. Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги жарандарынын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук жана башка мекемелеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат. 12. Кылмыш же болбосо жазык иши жөнүндө арыз (билдирүү) өндүрүшүндө турган соттун (судьянын), прокурордун, алгачкы текшерүү органынын башчысынын же тергөөчүнүн чечимине ылайык жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөргө, жабырлануучуларга жана башка катышуучуларга карата коопсуздук чаралары жүзөгө ашырылат. 13. Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет мамлекетке кетүү, ошондой эле чет өлкөлүк жана жарандыгы жок адамдардын келүү-кетүү, республиканын аймагында жүрүү маселелери боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга катышат. 14. Атайын байланыш (өкмөттүк, шифровкаланган, жашыруун) түрлөрүнүн, ошондой эле шифровкаланган жана дешифровкаланган иштердин корголушун камсыз кылат; улуттук коопсуздукту камсыз кылуу таламында атайын техниканы иштеп чыгууга жана түзүүгө катышат. 15. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы коопсуздугун камсыз кылууга тикеден-тике багытталган башка милдеттерди аткарат. 16. Өз коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат. 17. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарына улуттук коопсуздук кызыкчылыгына тиешелүү маселелер боюнча үзгүлтүксүз маалымат берип турат. 18. Мамлекеттик коргоо объектилеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды жүзөгө ашырат. Ушул Мыйзамда каралган учурларды албаганда, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери маскачан жүрүүгө укугу жок жана жарандын талабы боюнча кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүгө милдеттүү. Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүдөн баш тартса, ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларды албаганда, жаран улуттук коопсуздук органдарынын кызматкеринин талаптарына баш ийбөөгө укуктуу. Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери атайын операцияларды өткөрүүдө, кылмыш кылган адамдарды кармоодо, барымтага алынгандарды куткарууда, кармалгандарды, камакка алынгандарды жана соттолгон адамдарды коштоп жүрүүдө жана кайтарууда гана маскачан жүрө алат. | 15-статья. Улуттук коопсуздук органдарынын милдеттери Улуттук коопсуздук органдары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгында: 1. Чалгындоо жана каршы чалгындоо иштерин, экстремисттик ишке каршы аракеттерди жүзөгө ашырышат; чет өлкөлүк мамлекеттердин атайын кызматтарынын жана уюмдарынын чалгындоо-бүлүндүрүүчүлүк иштерине, терроризмге, коррупцияга, контрабандага жана наркобизнеске каршы күрөшүүнү жүргүзүшөт, Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн, суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн мыйзамга каршы кол салуудан коргоого катышат. 2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча улуттук коопсуздук органдарынын тергөө укугуна кирген кылмыштарды табуу, алдын алуу жана тыюу салуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырышат; кылмыш кылган же кылмыш кылууга шектүү адамдарга карата оперативдүү-техникалык жана башка каражаттарды колдонуу менен оперативдүү-иликтөө, алгачкы текшерүү жана алдын ала тергөө жүргүзүү иштерин жүзөгө ашырышат; бул адамдардын эсебин жүргүзөт. [2-1.Уюшкан кылмыштуулукка каршы чара көрүү чөйрөсүндө маалыматтарды топтоо, сактоо жалпылоо жана талдоо максатында тийиштүү эсептерди жүргүзүшөт.] 3. Мамлекеттик сырды коргоо системасын уюштурат, компетенттүү бийлик органдарынын суроо талаптары боюнча жашыруун маалыматтарды алууга жол берүү жөнүндөгү маселенин белгиленген тартипте чечилгендигине байланыштуу айрым адамдар жөнүндө маалымат берет, маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга катышат. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тизмеге ылайык, коргоо өнөр жай объекттерин, транспортту, байланышты, финансы-кредиттик системаны жана стратегиялык объекттеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга катышат жана жүзөгө ашырат; темир жол жана аба транспортунда атайын жүк ташуулардын коопсуздугун камсыз кылууга катышат. 5. Илим-изилдөө уюмдары менен бирдикте улуттук коопсуздук кызыкчылыгына тиешелүү коомдук процесстер менен проблемаларды изилдөөнү жана прогноздоону жүргүзөт; чалгындоонун жана каршы чалгындоонун талаптарын канааттандыруу максатында маалымат-аналитикалык иштерди жүргүзөт; автоматташтырылган маалымат-аналитикалык системаларды иштеп чыгууну, өндүрүштөн чыгарууну жана пайдаланууну жүзөгө ашырат. 6. Стратегиялык объекттерде жана аскер объекттеринде массалык тополоң жана улуттар аралык чырларды, өзгөчө окуяларды алдын алуу, тыюу жана чектөө иштерине катышат. 7. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоодо чек ара аскерлерине көмөк көрсөтүшөт. 8. Согуш мезгилинде Кыргыз Республикасынын башкаруу жайларынын иштөөгө даярдыгын камсыз кылуу боюнча өз компетенциясына жараша чараларды иштеп чыгат, өздөрүнүн мобилизациялык даярдыгын уюштурушат жана камсыз кылат. 9. Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан ички аскердин, башка аскердик түзүлүштөрдүн жана объекттердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат. 10. Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүүчү маанилүү мамлекеттик жана коомдук-саясий иштердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча оперативдүү чараларды жүзөгө ашырат; республикада жүргөн убагында башка мамлекеттердин мамлекеттик жана коомдук ишмерлерин, ошондой эле ички иштер органдары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары аккредиттеген айрым чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү коргоого катышат. 11. Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги жарандарынын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук жана башка мекемелеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат. 12. Кылмыш же болбосо жазык иши жөнүндө арыз (билдирүү) өндүрүшүндө турган соттун (судьянын), прокурордун, алгачкы текшерүү органынын башчысынын же тергөөчүнүн чечимине ылайык жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөргө, жабырлануучуларга жана башка катышуучуларга карата коопсуздук чаралары жүзөгө ашырылат. 13. Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет мамлекетке кетүү, ошондой эле чет өлкөлүк жана жарандыгы жок адамдардын келүү-кетүү, республиканын аймагында жүрүү маселелери боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга катышат. 14. Атайын байланыш (өкмөттүк, шифровкаланган, жашыруун) түрлөрүнүн, ошондой эле шифровкаланган жана дешифровкаланган иштердин корголушун камсыз кылат; улуттук коопсуздукту камсыз кылуу таламында атайын техниканы иштеп чыгууга жана түзүүгө катышат. 15. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы коопсуздугун камсыз кылууга тикеден-тике багытталган башка милдеттерди аткарат. 16. Өз коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат. 17. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарына улуттук коопсуздук кызыкчылыгына тиешелүү маселелер боюнча үзгүлтүксүз маалымат берип турат. 18. Мамлекеттик коргоо объектилеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды жүзөгө ашырат. Ушул Мыйзамда каралган учурларды албаганда, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери маскачан жүрүүгө укугу жок жана жарандын талабы боюнча кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүгө милдеттүү. Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүдөн баш тартса, ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларды албаганда, жаран улуттук коопсуздук органдарынын кызматкеринин талаптарына баш ийбөөгө укуктуу. Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери атайын операцияларды өткөрүүдө, кылмыш кылган адамдарды кармоодо, барымтага алынгандарды куткарууда, кармалгандарды, камакка алынгандарды жана соттолгон адамдарды коштоп жүрүүдө жана кайтарууда гана маскачан жүрө алат. |
"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
| Колдонуудагы редакция | Сунуш кылынган редакция |
|---|---|
| 2-статья. Жазык-аткаруу тутумунун милдеттери Жазык-аткаруу тутумунун милдеттери: - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жазаларын аткаруу; - кылмыш жасаган адамдарды тергөө абактарында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кармоо; - жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде укук тартибин жана мыйзамдуулукту, аларда кармалып турган соттолгон, камоодо кармалган адамдардын, ошондой эле ал мекемелердин аймагындагы кызмат адамдарынын жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу; - эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазаларды аткаруу; - соттолгондорду эмгекке тартуу, ошондой эле аларга жалпы жана кесиптик билим берүүнү камсыз кылуу; - соттолгондордун саламаттыгын сактоону камсыз кылуу; - кайрымдуулук, коомдук жана башка бюджеттен тышкаркы каражаттарды кыйла кеңири тартуу жана максаттуу пайдалануу үчүн шартты камсыз кылуу; - изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруу, ошондой эле аны жүзөгө ашыруучу органдарга кылмыштарды ачууда жана алардын алдын алууда көмөк көрсөтүү; - белгиленген маршруттар боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эларалык милдеттенмелерин аткарууда алар экстрадиция болгон учурда соттолгондорду жана кайтарууга алынган адамдарды күзөттөө жана айдап узатуу болуп саналат. | 2-статья. Жазык-аткаруу тутумунун милдеттери Жазык-аткаруу тутумунун милдеттери: - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жазаларын аткаруу; - кылмыш жасаган адамдарды тергөө абактарында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кармоо; - жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде укук тартибин жана мыйзамдуулукту, аларда кармалып турган соттолгон, камоодо кармалган адамдардын, ошондой эле ал мекемелердин аймагындагы кызмат адамдарынын жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу; - эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазаларды аткаруу; - соттолгондорду эмгекке тартуу, ошондой эле аларга жалпы жана кесиптик билим берүүнү камсыз кылуу; - соттолгондордун саламаттыгын сактоону камсыз кылуу; - кайрымдуулук, коомдук жана башка бюджеттен тышкаркы каражаттарды кыйла кеңири тартуу жана максаттуу пайдалануу үчүн шартты камсыз кылуу; [- операциялык-иликтөө ишин жүргүзүүчү органдарга кылмыштардын бетин ачууга алдын алууга көмөктөшүү, ошондой эле уюшкан кылмыштуулукка каршы чара көрүү чөйрөсүндө маалыматтарды топтоо, сактоо, жалпылоо жана талдоо максатында тийиштүү эсептерди жүргүзүү;] - белгиленген маршруттар боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эларалык милдеттенмелерин аткарууда алар экстрадиция болгон учурда соттолгондорду жана кайтарууга алынган адамдарды күзөттөө жана айдап узатуу болуп саналат. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-сентябрындагы № 632 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" жана…Постановление · 14.09.2015 · № 632 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндөЗакон · 29.05.2013 · № 82
- Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндөЗакон · 12.08.2003 · № 197
- "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуЗакон · 05.10.2009 · № 259
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1362-XII · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-сентябрындагы № 632 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" жана…Постановление · 14.09.2015 · № 632 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндөЗакон · 22.07.2011 · № 122 · Күчүн жоготкон