# КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93378>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15366/edition/1143702/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93378.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтому (12.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93378

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 12-январы № 12 Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №87, 2013-жылдын 5-мартындагы № 110, 2014-жылдын 14-ноябры № 650, 2015-жылдын 16-ноябры № 769, 2016-жылдын 4-июлундагы № 374, 2017-жылдын 14-июлундагы № 432, 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 736, 2018-жылдын 5- апрелиндеги № 186, 2019-жылдын 3-июнундагы № 275, 2019-жылдын 30-июлундагы № 382, 2019-жылдын 30-июлундагы № 383, 2021-жылдын 12-февралындагы № 38 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна ылайык жана аткаруу бийлиги органдарын реформалоону жүргүзүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында жана анын баш ийүүсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы иштей тургандыгы аныкталсын.

(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)

11. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 38 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагында болоору жана анын контролунда иштей тургандыгы белгиленсин:

а) мекемелер, уюмдар:

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 38 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 38 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту;

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 110 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 38 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси;

- "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси;

б) жалпыга маалымдоо каражаттары:

- "Кыргыз Туусу" басма үйү;

- "Слово Кыргызстана" басма үйү;

- "Эркин Тоо" гезити;

- "Жеткинчек" гезити;

- "Кырчын" журналынын редакциясы;

- "Байчечекей" журналынын редакциясы;

- Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР" телерадиокомпаниясы.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 110, 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 736 , 2018-жылдын 5- апрелиндеги № 186 , 2019-жылдын 3-июнундагы № 275, 2021-жылдын 12-февралындагы № 38 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-майындагы №242 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №762 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрге жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ө.Бабанов
