# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-январындагы № 12 "2014-2016-жылдарга жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуунун мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-январындагы № 12 "2014-2016-жылдарга жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуунун мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 10.01.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.01.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93376>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15364/edition/864391/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93376.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-январындагы № 12 "2014-2016-жылдарга жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуунун мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө" токтому (22.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93376

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 10-январы № 12 2014-2016-жылдарга жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуунун мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө

Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын коопсуздугун мамлекеттик коргоону камсыз кылуу максатында, «Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: 2014-2016-жылдарга жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуунун мамлекеттик программасы (мындан ары – Мамлекеттик программа) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финансы полициясы), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен макулдашуу боюнча кезектеги финансылык жылга мамлекеттик бюджетти түзүүдө жыл сайын Мамлекеттик программада каралган иш-чараларды аткаруу үчүн зарыл болгон каражаттарды караштырышсын.

3. Мамлекеттик программада каралган иш-чараларды аткаруу боюнча иштерди координациялоо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жүктөлсүн.

4. Мамлекеттик программаны аткарууга тартылган мамлекеттик органдар программалык иш-чараларды аткаруунун жыйынтыктары жана бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугу жөнүндө отчетторду жарым жылда бир жолу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине берип турушсун.

5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ар бир жылдын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик программада каралган иш-чараларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
