Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2014-2016-жылдарга жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуунун мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 18 декабря 2017 года № 816 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики в сфере регулирования предпринимательской деятельности"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-01-22.
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 10-январы № 12 2014-2016-жылдарга жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуунун мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө
Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын коопсуздугун мамлекеттик коргоону камсыз кылуу максатында, «Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: 2014-2016-жылдарга жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуунун мамлекеттик программасы (мындан ары – Мамлекеттик программа) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финансы полициясы), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен макулдашуу боюнча кезектеги финансылык жылга мамлекеттик бюджетти түзүүдө жыл сайын Мамлекеттик программада каралган иш-чараларды аткаруу үчүн зарыл болгон каражаттарды караштырышсын.
3. Мамлекеттик программада каралган иш-чараларды аткаруу боюнча иштерди координациялоо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жүктөлсүн.
4. Мамлекеттик программаны аткарууга тартылган мамлекеттик органдар программалык иш-чараларды аткаруунун жыйынтыктары жана бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугу жөнүндө отчетторду жарым жылда бир жолу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине берип турушсун.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ар бир жылдын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик программада каралган иш-чараларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 519-б (Женева шаарында (Швейцария) Экинчи улуттук докладын коргоо максаты жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 20.11.2014 · № 519-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 49 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.01.2018 · № 49
- "2014-2016-жылдарга жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуунун мамлекеттик программасы" (Кыргыз…Программа · 10.01.2014 · № 12 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 174-б ("Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз…Распоряжение · 08.05.2013 · № 174-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишкердик ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп…Постановление · 18.12.2017 · № 816
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндөЗакон · 16.08.2006 · № 170
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-ноябрындагы № 801 "Аукциондо сатуу ыкмасы менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 29.11.2012 · № 801
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 370 токтому менен бекитилген Аукциондо сатуу ыкмасы менен мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө жобоПоложение · 13.08.2005 · № 370 · Күчүн жоготкон