# КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-январындагы №8 "Бишкек шаарында 2011-жылдын 23-майында кол коюлган "Жалал-Абад шаарынын суу менен жабдуусун жана канализациясын реабилитациялоо" жана "Ош шаарынын суу менен жабдуусун жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-январындагы №8 "Бишкек шаарында 2011-жылдын 23-майында кол коюлган "Жалал-Абад шаарынын суу менен жабдуусун жана канализациясын реабилитациялоо" жана "Ош шаарынын суу менен жабдуусун жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 10.01.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.01.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93374>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15362/edition/544085/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93374.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.01.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-январындагы №8 "Бишкек шаарында 2011-жылдын 23-майында кол коюлган "Жалал-Абад шаарынын суу менен жабдуусун жана канализациясын реабилитациялоо" жана "Ош шаарынын суу менен жабдуусун жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому (10.01.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93374

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 10-январы №8 "Бишкек шаарында 2011-жылдын 23-майында кол коюлган "Жалал-Абад шаарынын суу менен жабдуусун жана канализациясын реабилитациялоо" жана "Ош шаарынын суу менен жабдуусун жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Бишкек шаарында 2011-жылдын 23-майында кол коюлган "Жалал-Абад шаарынын суу менен жабдуусун жана канализациясын реабилитациялоо" жана "Ош шаарынын суу менен жабдуусун жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Жалал-Абад жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү болуп дайындалышсын.

Премьер-министри

Ө.Бабанов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2011-жылдын 23-майында кол коюлган "Жалал-Абад шаарынын суу менен жабдуусун жана канализациясын реабилитациялоо" жана "Ош шаарынын суу менен жабдуусун жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө

1-берене.

Бишкек шаарында 2011-жылдын 23-майында кол коюлган "Жалал-Абад шаарынын суу менен жабдуусун жана канализациясын реабилитациялоо" жана "Ош шаарынын суу менен жабдуусун жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте жогоруда аталган макулдашуулар күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына билдирсин.

3-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасы менен Европалык Кайра Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы "Жалал-Абад шаарынын суу чарбасын жана канализациясын реабилитациялоо" жана "Ош шаарынын суу чарбасын жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорлору боюнча Кредиттик Макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМ-КАТ

Жалал-Абад жана Ош шаарларын суу менен жабдуунун сапатын жана канализацияларын жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Европалык Кайра Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы жана Швейцария Конфедерация Өкмөтү менен бул максаттар үчүн каражат бөлүү жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Азыркы учурда Европалык Кайра Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы (ЕКӨБ) менен экономикалык мамилелер боюнча Швейцария мамлекеттик секретариаты (SЕСО) "Жалал-Абад шаарынын суу чарбасын жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорун ишке ашырууну 8,25 млн. евро суммасында каржылоого макулдук беришти (ЕКӨБ 3,0 млн.евро суммасында кредит түрүндө каражат жана 0,4 млн. евро техникалык жардамга грант бөлөт, SЕСО 4,85 млн. евро суммасында грант түрүндө каражат жана анын ичинде 0,75 млн. евро техникалык жардамга грант бөлөт) жана "Ош шаарынын суу чарбасын жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорун ишке ашырууну 8,45 млн. евро суммасында каржылоого макулдук беришти (ЕКӨБ 3,0 млн. евро суммасында кредит түрүндө каражат жана 0,4 млн. евро техникалык жардамга грант бөлөт, SЕСО 5,05 млн. евро суммасында грант түрүндө каражат жана анын ичинде 0,75 млн. евро техникалык жардамга грант бөлөт). Бул долбоорлордун максаты Жалал-Абад менен Ош шаарларын суу менен жабдуунун сапатын жакшыртуу, капиталдык инвестицияларды финансылоо, ошол инвестицияларды даярдоого жана ишке ашыруу үчүн консультациялык жардам көрсөтүү, корпоративдик Программаны жана баардык тарапты камтууну даярдоого жана ишке ашырууга консультативдик жардам көрсөтүү. Долбоорлорду аяктоо 2015-жылдын мартына карата күтүлөт. Бул долбоорлордун аткаруучу агенттиги Жалал-Абад менен Ош шаарларынын мэрлери болот. Ушуга байланыштуу Сиздердин карооңуздарга ушул Макулдашууларды ратификациялоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору киргизилет.

Министр

А.Жапаров
