# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июну № 463 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин "Кыргыз токой аңчылык жайгаштыруу" мамлекеттик мекемеси жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июну № 463 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин "Кыргыз токой аңчылык жайгаштыруу" мамлекеттик мекемеси жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 463
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93363>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15360/edition/1064721/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93363.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июну № 463 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин "Кыргыз токой аңчылык жайгаштыруу" мамлекеттик мекемеси жөнүндө" токтому (29.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93363

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 29-июну N 463 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин "Кыргыз токой аңчылык жайгаштыруу" мамлекеттик мекемеси жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 183 токтомунун редакциясына ылайык) Аткаруучу бийлик органдарында жүргүзүлүп жаткан реформага байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы N 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пунктунун он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин "Кыргыз токой аңчылык жайгаштыруу" мамлекеттик мекемеси";

- (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 183 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө жободо:

11-пунктунда: сегизинчи абзацындагы "ведомствого караштуу" деген сөздөр алып салынсын; расмий тилдеги текстинде "органов" деген сөз "органах" деген сөзгө алмаштырылсын. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 183 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2012-жылдын 3-июлунда N 58 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Ө.Бабанов

Балыкчы шаардык Кеӊешинин төрагасы

А.Джаликов
