# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы №462 "Үлүштүк (түрткү берүүчү) гранттардын эсебинен каржылоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы №462 "Үлүштүк (түрткү берүүчү) гранттардын эсебинен каржылоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 462
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.06.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93362>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15359/edition/409894/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93362.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы №462 "Үлүштүк (түрткү берүүчү) гранттардын эсебинен каржылоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (29.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93362

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 29-июну № 462 Үлүштүк (түрткү берүүчү) гранттардын эсебинен каржылоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу «Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасында үлүштүк (түрткү берүүчү) гранттардын эсебинен каржылоо механизмин өркүндөтүү максатында жана республиканын эки деңгээлдүү бюджетке өтүүсүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үлүштүк (түрткү берүүчү) гранттардын эсебинен каржылоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары менен биргеликте үлүштүк (түрткү берүүчү) гранттардын эсебинен каржылоо механизмин киргизүү боюнча иштерди жүргүзсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы № 198 «Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө. Бабанов
