Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн ««Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгарылуучу товарларга ташып чыгарылуучу (экспорттук) бажы алымдарынын ставкасын белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 22 июля 2014 года № 411 "Об отзыве проекта постановления Жогорку Кенеша Кыргызской Республики «Об установлении ставок вывозных (экспортных) таможенных пошлин на товары, вывозимые с территории Кыргызской Республики»» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-07-22.
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 411 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 27-июну № 451 «Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгарылуучу товарларга ташып чыгарылуучу (экспорттук) бажы алымдарынын ставкасын белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоору тууралуу «Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясына ылайык, республиканын экономикалык кызыкчылыктарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгарылуучу товарларга ташып чыгарылуучу (экспорттук) бажы алымдарынын ставкасын белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жогоруда көрсөтүлгөн токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ө. Бабанов
Долбоор
Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгарылуучу товарларга ташып чыгарылуучу (экспорттук) бажы алымдарынын ставкасын белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому
«Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына ылайык, республиканын экономикалык кызыкчылыктарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Баалуу металлдарды камтыган кен жана концентрат түрүндөгү сырье товарларын экспорттоого, эгерде тышкы соода келишиминде (контрактта) белгиленген бүтүмдүн баасы баалуу металлдарды кайра иштетүү наркын эсептен чыгаруу менен алардын наркынан кем болбогон учурда жол берилээри белгиленсин.
2. ТЭИ ТН 2616 коду боюнча классификацияланган баалуу металлдардын кенине жана концентратына тиркемеге ылайык өлчөмдөгү ташып чыгарылуучу (экспорттук) бажы алымдарынын ставкасы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан ташып чыгарылган, ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн товарларга карата бара турган өлкөсүнө карабастан ташып чыгарылуучу (экспорттук) бажы алымдарынын ставкасы колдонулсун.
4. 2015-жылдын 1-январына чейин баалуу металлдарды чыгаруу боюнча жаңы кайра иштетүүчү фабриканын курулушу бүткөнгө чейин, «Кыргызалтын» ачык акционердик коому тарабынан көрсөтүлгөн товарларды ташып чыгууда (экспорттоодо) 2-пунктта көрсөтүлгөн ташып чыгарылуучу (экспорттук) бажы алымдарынын ставкасы алынбай тургандыгы белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте бул токтомдун кабыл алынышы жөнүндө Евразия экономикалык коомчулугунун Интеграциялык комитетине, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруучу комитетине билдирсин.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Тиркеме ТЭИ ТН 2616 коду боюнча классификациялануучу баалуу металлдарды кармаган кенге жана концентраттарга бажы алымдарынын өлчөмү
Бажы алымдарынын колдонулуу мөөнөтү
Товардын бажылык наркынан % менен ташып чыгарылуучу (экспорттук) алымдардын ставкасы
2013-жылдын 1-январына чейин
5%
2014-жылдын 1-январына чейин
10%
2015-жылдын 1-январына чейин
15%
2016-жылдын 1-январына чейин
20%
2017-жылдын 1-январына чейин
25 %
2017-жылдын 1-январынан баштап жана андан ары
30%
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 411 "Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгарылуучу товарларга ташып чыгарылуучу (экспорттук) бажы алымдарынын ставкасын белгилөө…Постановление · 22.07.2014 · № 411 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндөЗакон · 29.03.2006 · № 81 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 411 "Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгарылуучу товарларга ташып чыгарылуучу (экспорттук) бажы алымдарынын ставкасын белгилөө…Постановление · 22.07.2014 · № 411 · Күчүн жоготкон