# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-июнундагы №448 "«Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу», «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-июнундагы №448 "«Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу», «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 448
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93348>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15345/edition/1158593/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93348.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-июнундагы №448 "«Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу», «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө" токтому (27.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93348

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 27-июну № 448 «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу», «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу», «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.

Премьер-министр

Ө. Бабанов

Долбоор

Кыргыз Республикасынын

Мыйзамы

«Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу

1-берене. Кыргыз Республикасынын «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Мыйзамына («Эркин-Тоо» газетасы, 2009-ж., 7-август, № 68-69) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 2-статьясы:

төмөнкүдөй мазмундагы 1 жана 2-бөлүктөр менен толукталсын: «Адаптация - бул организмдин функциялык мүмкүнчүлүктөрү кеңейгенин, анын ишке жарамдуулугу көбөйгөнүн жана тышкы таасирлерге туруктуулугу жакшырганын көрсөтүүчү ыңгайлашуучу өзгөрүүлөр. Адаптацияга жөндөмдүүлүк - мүмкүн болгон зыянды азайтуу, ыңгайлуу мүмкүндүктөрдү пайдалануу же кесепеттерди жоюу максатында системанын климаттын өзгөрүшүнө (мунун ичинде климаттын өзгөрмөлүгүнө жана экстрим кубулуштарга) ыңгайлашууга жарактуулугу.»;

- тогузунчу бөлүгү:

«ветеринардык» деген сөздөн кийин «, адаптациялык» деген сөз менен толукталсын; «чөйрөсүнүн» деген сөздөн кийин «анын ичинде климаттын өзгөрүшүнүн» деген сөздөр менен толукталсын.

2. 7-статьянын бешинчи абзацы «бузулушу» деген сөздөн кийин «алааматтуу жаратылыштык-климаттык абалдар» деген сөздөр менен толукталсын.

2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене. «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2005-ж., № 3, 187-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 27-статьясынын 3-бөлүгүнүн расмий тилдеги тексти «обитания» деген сөздөн кийин «чрезвычайных природно-климатических явлений» деген сөздөр менен толукталсын; мамлекеттик тилдеги тексти төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жашап турган чөйрөнүн факторлорунун жана өзгөчө жаратылыштык-климаттык кубулуштардын адамга зыяндуу таасирин жоюуга же азайтууга, жугуштуу оорулардын жана массалык жугуштуу эмес оорулардын чыгышын жана жайылышын болтурбоого жана аларды жок кылууга, жарандарды гигиеналык окутууга жана тарбиялоого, жашоонун сергек мүнөзүн пропагандалоого жана эл арасында гигиеналык билимди жайылтууга багытталган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке комплекстүү чаралар менен камсыз кылынат.». 2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
