Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн ««Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу», «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-06-27.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 27-июну № 448 «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу», «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу», «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр
Ө. Бабанов
Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы
«Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене. Кыргыз Республикасынын «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Мыйзамына («Эркин-Тоо» газетасы, 2009-ж., 7-август, № 68-69) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 2-статьясы:
төмөнкүдөй мазмундагы 1 жана 2-бөлүктөр менен толукталсын: «Адаптация - бул организмдин функциялык мүмкүнчүлүктөрү кеңейгенин, анын ишке жарамдуулугу көбөйгөнүн жана тышкы таасирлерге туруктуулугу жакшырганын көрсөтүүчү ыңгайлашуучу өзгөрүүлөр. Адаптацияга жөндөмдүүлүк - мүмкүн болгон зыянды азайтуу, ыңгайлуу мүмкүндүктөрдү пайдалануу же кесепеттерди жоюу максатында системанын климаттын өзгөрүшүнө (мунун ичинде климаттын өзгөрмөлүгүнө жана экстрим кубулуштарга) ыңгайлашууга жарактуулугу.»;
- тогузунчу бөлүгү:
«ветеринардык» деген сөздөн кийин «, адаптациялык» деген сөз менен толукталсын; «чөйрөсүнүн» деген сөздөн кийин «анын ичинде климаттын өзгөрүшүнүн» деген сөздөр менен толукталсын.
2. 7-статьянын бешинчи абзацы «бузулушу» деген сөздөн кийин «алааматтуу жаратылыштык-климаттык абалдар» деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене. «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2005-ж., № 3, 187-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 27-статьясынын 3-бөлүгүнүн расмий тилдеги тексти «обитания» деген сөздөн кийин «чрезвычайных природно-климатических явлений» деген сөздөр менен толукталсын; мамлекеттик тилдеги тексти төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жашап турган чөйрөнүн факторлорунун жана өзгөчө жаратылыштык-климаттык кубулуштардын адамга зыяндуу таасирин жоюуга же азайтууга, жугуштуу оорулардын жана массалык жугуштуу эмес оорулардын чыгышын жана жайылышын болтурбоого жана аларды жок кылууга, жарандарды гигиеналык окутууга жана тарбиялоого, жашоонун сергек мүнөзүн пропагандалоого жана эл арасында гигиеналык билимди жайылтууга багытталган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке комплекстүү чаралар менен камсыз кылынат.». 2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 22-ноябрындагы № 2503-V "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 22.11.2012 · № 2503-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 22-ноябрындагы № 2504-V "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү…Постановление · 22.11.2012 · № 2504-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 30-майындагы № 3112-V "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү…Постановление · 30.05.2013 · № 3112-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 4-апрелиндеги №2947-V "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 04.04.2013 · № 2947-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 4-апрелиндеги №2948-V "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 04.04.2013 · № 2948-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 4-апрелиндеги №2949-V "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү…Постановление · 04.04.2013 · № 2949-V
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 217 " 2012-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчету жөнүндө "…Постановление · 30.04.2013 · № 217 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 09.01.2005 · № 6 · Күчүн жоготкон
- Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 248 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон