# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-июнундагы №432 "«Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-июнундагы №432 "«Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 432
- Кабыл алынган күнү: 21.06.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.06.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93333>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15331/edition/1158579/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93333.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-июнундагы №432 "«Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жөнүндө" токтому (21.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93333

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 21-июну № 432 «Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Ө. Бабанов

Долбоор

Кыргыз Республикасынын

Мыйзамы

«Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене. «Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 8, 396-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-статьядагы «мыйзамдарын» деген сөз «ченемдик укуктук актыларды» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 7-статьядагы «тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 16-статьядагы «мыйзамдар тарабынан» деген сөздөр «ченемдик укуктук актылар менен» деген сөздөргө алмаштырылсын.

2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
