# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-июнундагы №426 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июнундагы № 346 «Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-июнундагы №426 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июнундагы № 346 «Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 426
- Кабыл алынган күнү: 19.06.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.09.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93328>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15326/edition/746063/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93328.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.09.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-июнундагы №426 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июнундагы № 346 «Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (27.09.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93328

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы N 514 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 19-июну № 426 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июнундагы № 346 «Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 2-статьясынын 2-бөлүгүнө ылайык, Эл аралык жарандык авиация уюмунун стандарттары жана сунушталган практикасы менен Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелеринин талаптарын андан ары шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июнундагы № 346 «Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «АПКР-2. Учуулар эрежеси» Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежесинде;

- 5.2.1-пунктунун (b) пунктчасындагы «12100 м (бийиктикти өлчөө бирдиги фут менен белгиленген аба мейкиндигинде 410 учуу эшелону)» деген цифралар жана сөздөр «410 (12500 м)» деген цифраларга алмаштырылсын;

- 5.3.1-пунктунун (b) пунктчасындагы «12100 м (бийиктикти өлчөө бирдиги фут менен белгиленген аба мейкиндигинде 410 учуу эшелону)» деген сөздөр «410 (12500 м)» деген цифраларга алмаштырылсын;

- 10.2.1-пунктунун (а) пунктчасында:

(1) пунктчасындагы «QFE» деген аббревиатура «QNH» деген аббревиатурага алмаштырылсын; (2) пунктчасындагы «760 сым. мам. мм.» деген цифралар жана сөздөр «1013,2 гПа (760 сым. мам. мм.)» деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;

- 3-тиркеме ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө. Бабанов
